Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ инфекциясы эң эле тез жайылган өлкөлөрдүн сап башында турат. Дарыгерлер муну учурда ыкчам аныкталчу тесттер аркылуу эрте аныкталып жатканы менен байланыштырышат. Бир жагынан убагында аныктап аны менен күрөштү баштоо жакшы.
Республикалык ВИЧ-СПИД борборунун директору Үмүткан Чокморованын айтымында ВИЧти аныктоо үчүн көп жаңы ыкмаларды киргизилген. Мындан улам жыл сайын 700-800дөн жаңы учурлар табылып жатат. Ушул жылдын 1-июлуна карата 11миң 552 кишиден аныкталды:
“ Жыныстык жол менен жуккан учурлар 54% түзөт. Ийне аркылуу 38% ал эми эмнеден бала жукканы 2,7 жана калганы жугуу жолдору аягына чейин аныкталбай калган. Эркектер 63%, аялдар 36% түзөт. Мурда ал наркотикалык заттарды колдонгондор же секс кызмат көрсөтүүчүлөр арасында гана кездешсе азыр жөнөкөй жарандар, жаштар арасында көбөйүүдө. Ал жыныстык жол менен жуккан 82% түздү. Бул өтө өкүнүчтүү. Канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө карабастан жаштар туш келди, коргоочу каражаттарды колдонбой жыныстык катнашка барып жатышат.”
“Мурда бул ооруну 21-кылымдын чумасы деп элдин үрөйүн учуруп келгенбиз. Учурда узакка созулган өнөкөт оору деп санап жатабыз. Анткени бүгүнкү күндө дарысы бар. Илдетке чалдыккандар кадимки эле адамдардай жүрө алышат. Турмуш курганга, балалуугу болгонго укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү бар. Бардык анализдер жана дары-дармектер акысыз. Бул ооруну коркунучтуу деп айтпасак деле болот.”
Бул вирус ооруну козгогуч вирус болуп саналат. Ал сырткы чөйрөдө туруксуз. Вирус организмге киргенде иммундук системаны жабыркатат. Ал ар бир кишинин ден-соолугуна байланыштуу. Кээ биринде тез эле оорунун белгилер байкалса айрымдарда 10 жылдап деле билинбей жүрө берет. Вирус адамда эмне оору болсо ошолорду козгой баштайт. Дене табы жогорулашы мүмкүн,бездер чоңоюп баштайт, ич өтүү, алсыроо сыяктуу белгилер менен коштолот.
ВИЧти алдын алууда бир гана саламаттык сактоо министрлигинин жумушу эмес. Буга көп тармактуу мамиле керек. Ошондой эле ар бир адам жылына бир жолу вичке анализ тапшырып туруш керек. Сулуулук салондоруна барганда сөзсүз шаймандар спиртке чыланып турганына көңүл буруңуз. Ооруканага барганда дагы шприц же система таңгактан ачылып жатканына көңүл буруп, талап кылыңыз.
Айгерим Кубатбекова