Чүйдүн Кемин шаарында сүт азыктарын иштеткен заводдор жок. Ушул себептүү сүт чогултуп, андан азык жасоо ишин ушул эле шаардын тургуну Гүлүкан Кемелова жөнгө салган. Ал чакан ишин уулдары менен аткарат. Жакын арада сүт ишканасын ачууну пландап, эки жылдан бери даярдык көрүп жатат.