Кочкор айылында уйдун сүттүн жана андан жасалган азыктарын сатуучу 3-4 дүкөн бар. Бул дүкөндөрдө сүт жана сүт азыктарын сатып алып кайра аны сатуу менен киреше тапкандар. Чыныгы эле киреше тапса болобу?
Кочкор айылында сүттү кайра иштеп чыгаруу үчүн завод жок, сүттүн баасы төмөн, жыл сайын тоюттун баасы жогору болгонуна байланыштуу көпчүлүк айыл тургундары көп уй багуудан баш тартып бир-эки уй кармап, өздөрүнөн арткан сүттү кошуналарга жана сүт кабыл алчу дүкөндөргө өткөрүү менен бир аз акча табарын кийинки каарманыбыз Нуржан Сартова айтып берди.
«Кесибим боюнча мектепте мугалим болуп иштейм, айыл жеринде жашагандыктан үйдө 4 уй жана майда жандыктарды багабыз. Азыркы учурда мунун баарын багуу албетте кыйын, бирок бул абалдан чыгып жатабыз. Эртең менен жана кечинде сүт 20 литрдей болот, бул аз. Анткени бир уй суткасына 1 боо чөп (350 сом) 1 кг жем(27 сом) жейт, 6-7 литр сүт берет, сүттүн баасы базарда 30-35 сомду түзөт.Ошондо 1 уйга кеткен чыгым 377 сомду түзсө, сүттү сатсан 245 сом табасың, бирок кирешеси жок болуп жатат. Пайдасы сүт сатып албайсын, үйдө балдарга кенен айрак, каймак, быштак жасап берем, айрандан сүзмө кылып, курут жасап берем. Киреше табыш үчүн сүт багытындагы уйларды багыш керек деп ойлойм.
Ал эми Кочкор айылындагы айрым соода түйүндөрүндөгү сатылып жаткан сүт азыктарынын бааларына көз чаптырып көрдүк. «Береке» дүң соода борборунда Кыргызстандын сүт ишканаларынын сүт азыктарын көрө алдык. Сүт азыктарынын баасы базардагы баага салыштырмалуу абдан кымбат. Мисалы сүттүн баасын карасак 115 сомдон 140 сомго чейин 1 литр.Каймактын баасы 85 сом 500 граммы, быштак 500 грамм 75 сом, кефир майлуулугуна жараша 65 сомдон 75 сомго чейин.
Таза сары май
Ал эми 6-7 жылдан бери сүт жана сүт азыктарын сатуу менен алектенген Кочкор айылынын тургуну Айзат Жунушалиева сүт сатуу менен киреше тапса болот деген маалымат менен бөлүшүп кетти.
«Башында үйдө отуруп уй саап, сүттүн тартып, көк сүттөн айран уютуп, быштак жасап кошуналарга жана тааныштарга сатып көрүп жакшы киреше табарына көзүм жетип, азыркы сүт сатуучу дүкөндү ачтым. Эң биринчиден Кочкор районунун айылдарын кыдырып, сүт өткөрүүчү адамдарды издей баштадым. Бирок сүттүн майлуулугуна өзгөчө басым кылууга аракет кылдым. Сүттүн баасын жогору алууга сөз берип 3-4 адам таап, азыркы учурга чейин алар менен тыгыз иштешип жатам.Өтпөй калган сүттү үйгө алып барып тартып каймак кылып 250 сомдон 1 кг сатам. Сүттү 28 сомдон алып 35 сомдон сатам. Бир күндө 60-70 литр сүт өтүп турат. Сүзмөнү 90 сомдон алып 150 сомдон сатам. Калган сүзмөдөн таза курут жасап 600 сомдон 1 кг сатам. Менин куруттарымды Якутияга, Германияга, Америка жана Умрага чейин алып кетишет. Таза сары майды дагы менден алышат аны 750 сомдон алып 850 сомго сатам. Айтып кетчү бул сүттөн калдык калбаган азык болуп эсептелет, андыктан коркпой жана жакшы киреше тапса болот демекмин».
Кыргызстан өндүргөн сүт продукция дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө сатылат. Экологиялык жактан таза, ар кандай каллорияга бай болуп эсептелет.
Нурия Карымбаева