Ашпозчу кесибин аркалаган Субан Анарбеков бала кезинен тартып эле тамактын түрлөрүн жасап келген. Ал учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кесиби боюнча иштейт. Анын ашпозчу болуп калуусуна атасы себепкер болгон.
“Апам мугалим. Мектепте балдарга сабак берип, үйгө кеч келчү. Атам болсо дыйкан чарба мүчөсү, өзүнүн көк трактору менен чарба жумуштарын кылат. Кичине кезимден эле мага эртен менен, “Окуудан келгенден кийин, тамак жасап кой”, деп тапшырма берчү эле. Мен билбейм да кандай жасаганды десем, өзүнүн телефонун калтырып, апаңа чалып сурайсын деп айтчу. Ошентип тамактын түрүн жасаганды өздөштүрө алдым. Кийинчерээк бул иш мага жага баштады.”

Субан Анарбеков
Мектепти аяктаган соң Субан апасы менен бирге борборго келип, Кыргыз экономикалык университетинин ашпозчу-технолог факультетине тапшырат. Ал өзү жактырган кесипти тандап алган соң, эл арасындагы айрым терс көз караштарга маани бербейт.
“Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр “эл эмне дейт” деген сын пикирден улам өздөрүнүн көздөгөн максаттарынан алыстап кетишет. Албетте стереотиптүү көз караштардан арылуу керек. Эң башкысы өзүңө жаккан кесипти тандоо маанилүү. Көпчүлүк жаштар кесип тандоодо акча табууну максат кылып тапшырышат, бирок жөндөмү жок болсо андан деле акча таап кете албайт. Ошондуктан ар бир адам шыгына, жөндөмүнө, талантына жараша кесип тандоо менен ийгиликтерге жете алат.”

Субан азыркы учурда тез татымдарды даярдоочу жайда иштейт
Субандын үй-бүлөсү анын тандоосун колдойт. Ал айылга ата-энесинин үйүнө келгенде бир туугандарына тамак-аштын түрлөрүн үйрөтүп кетет.

Субандын агасы Кубан Анарбеков жана жеңеси Салтанат Бейшенбек кызы
“Биз Субандын тандоосун колдойбуз жана кубаттайбыз. Субан айылга келгенде тамактын, салаттардын түрлөрүн бизге үйрөтүп кетет. Биз үйрөнгөн тамаш-ашыбызды даамдуу кылып жасаганга аракет кылабыз”,- дейт жеңеси Салтанат.
Гендердик эксперт, балдарды коргоо борборунун координатору Айнура Эмирканова балага кесип тандоодо ата-эненин ролу чоң экенин баса белгилейт:
“Бүгүнкү күндө кесип тандоодо эч кандай жыныс болбошу керек. Бул кыз бала дагы, эркек бала дагы өзүндө кайсы кесипке шык, жөндөмү болуп жатса, кайсы кесипке ынтызар болуп жатса, кызыгуусу артып жатса, ошол кесипти бул эркектики же кыздыкы дебестен тандаганга толук укугу бар. Ушундай мүмкүнчүлүктү балдарга ата-эне, коом бериши керек. Үй-бүлөдө кесип тандоого чоң колдоо көрсөтүлүшү керек. Кесип тандоодо балдарга ата-эненин таасир көп тийет.”

Айнура Эмирканова (сол тарапта) кесиптеши менен
Кээ бир учурда ата-эне балага кесип тандоого багыт берүү менен жаңылыштыктарды да кетиришет дейт гендердик эксперт Айнура Эмирканова. Ал ата-энелер үчүн төмөнкү жаңылыштыктардан арылуу керектигин айтат:
“Баланын кайсы кесипке жөндөмдүү экендигин анын кичине кезинен эле билсе болот. Кантип? Ата-эне балага кичине кезинде оюнчук сатып бергенде эч кандай чектөө койбошу керек. Башкача айтканда, ар кайсы тарапта өнүгө тургандай кылып, түрдүү оюнчуктарды сатып берүү чоң мааниге ээ. Кийинчэрээк, ар кандай багыттагы кошумча ийримдерге катыштыруу керек. Белгилүү бир ийримге көбүрөөк тартылса, анда баланын жөндөмү ошол деп билсе болот. Андан соң балага тандоо укугун берүү. Баланын оюн уга билүү бул дагы чоң кадам. Эртең окуга тапшырат дегенде анын оюн сураган бул кеч. Балага кичине кезинен баштап эле кесип тандоого туура багыт берүү керек”, -дейт Айнура Эмирканова.
Кесип тандоодо өспүрүмдөр сөзсүз ага жакын адамдарынын оюнун көз карашынын таасир астында чечим чыгарышат. Ал эми өз кезегинде балага туура багыт берүү бул ата-эненин милдети. Ага тандоо укугун берүү, анын ою менен эсептеше билүү, анын шык, жөндөмүнө көңүл буруу, баланын каалоосун да эске алуу менен анын ийгиликтүү келечегин түзсө болот.
Акылай Алмазбекова