Тоют кымбаттап, мал багууда кыйынчылыктар жаралып жатат. Кышында болсо сүт азайып, тоют, жем кымбат болгондуктан сүттүн баасы өсүүдө. Кочкор районунун Чолпон айылында сүттүн баасы 45 сомдон сатылууда.
Чолпон айылынын тургуну Алиаскарова Жазмина: «Жолдошум экөөбүз мал чарбасы менен алектенебиз. 15 уй бар. Эки саан уй, калгандары жазында тууйт. Сандан сапатка деп, сүт багытындагы уйларга алмаштыралы деп пландап жатабыз. Белим ооругандыктан уйду сүт сааган аппарат менен саайм. Азыр 2 уйдан күнүнө 10 литр сүт чыгат. 1 литр сүттү 45 сомдон сатып жатам».
Чолпон айылынын тургуну Хиснулинов Асан: «Уйларды талаага чыгарбай эле, үйгө багам. Уйга эки маал 5 кгдан жем, пресстин жарымынан эки маал бир пресс чөп берип жатам. Ошондо эки уйга күнүнө 20 кг жем, 2 пресс чөп кетип жатат. Жемдин килограммы 20 сом болсо, бир күнгө 400 сом, чөптүн баасы мурда 150 сом болсо, азыр 300 сом. Ошондо жалпы эки уйга бир күндө 1000 сом тоютка жумшалат. Ал эми эки уйдун бир кундө берген сүттун баасы 450 сом. Пайда деле таппайбыз, тоютту жайында даярдап алгандыктан, өзүнүн тоютуна кеткен чыгымын эле актайт. Саабай коелу десек, сүт сурагандар көп. Саан уйга тоют бериш деле азыр кыйын болуп жатат. Бербесең сүт чыкпайт».
Молдо Кылыч айылынын тургуну Таабалдиев Эстебес: «Мен сүт багытындагы Ала-Тоо, Голштин пародасындагы эки уйду байкап көрөйүн деп алып багып жатам. Сыртка чыкпайт, ар дайым откормдо турат. Тоюту начар болсо кадимки уйлардай эле сүт берип калат. Бир кундө 6-7 кг жем, үч маал чөп жейт. Күнүнө 15-16 литр сүт берип жатат. Тоюту жакшы болсо, 30 литрге чейин сүт алууга болот. Биздеги уйларга салыштырганда уйлардын сааны узак болуп, 9-10 ай саалат. Каймак тартып, сары майын алып, сүзмөсүн өткөрүп жатабыз.
Салмагы, көлөмү чоң болгондуктан эти да көп, сатсаң да баасы жогору. Музоолору да чоң түшүп, сатсаң башка уйлардын музоолоруна салыштыргында баасы кымбат болот».
Тоюту жакшы болсо, 30 литрге чейин сүт алууга болот.
«Жеке ишкер Акматова» ишканасынын башчысы Төлөнов Болот: «Азыр сүттү 30-35 сомдон алып жатабыз. Бизге келип тапшыргандарга 35 сом, айылдарды кыдырып алсак 30-32 сомдон болот. Сүткө суроо талап көп. Балыкчы сүт заводу бар, Нарындан сүттү Чүйдүн заводдоруна ташып жатышат.
Биз продукцияны Казакстанга Алма Ата шаарына экспорттойбуз. Алар көп алат, наличка акчага алат. Ошондуктан биз рынокто кармалып турабыз.
Продукциянын баасы, мozzarella 580 сом, сулугуни 560 сом, брынза 450 сом.
Кымбатташынын себеби, этикетка мурун 50 тыйын болчу. Кийин 70-72 тыйынга көтөрүлдү. Ал эми былтыртан баштап 1 сом 40 тыйынга чыкты. Себеби алардын краскасы, кагазы өсүп жатат. Ал өзүбүздүн мамлекетибизден чыкпагандыктан башка өлкөлөрдөн сатып алуудабыз. Пакетти азыркы учурга чейин сырды упаковкалоо үчүн колдонбуз. Аны дагы Ленинграддан алабыз. Башынан эле Кытайдан алдырчу эмес элек. Албетте, анын баасы арзан болчу. Бирок биз тамак-аштын коопсуздугун ойлоп, сапаты мыкты, кымбатынан алабыз. Санкт-Петербургдагы завод алып келген материалдар бүт Европадан алынат экен. Алардын баасы азыркы учурда өстү деп жатат. Мурда 1 сом 20 тыйын болсо, азыр 2 сом 10 тыйындан, ал эми черчиль сырдыкын мурда 70 тыйындан алсак, азыр 1 сом 20 тыйындан алып жатабыз. Транспортировка 2эсеге көтөрүлүп, солярка 75 сомго чыкты. Мына ушундай чыгымдар продукциянын кымбатташына түрткү болуп жатат. Биз дагы алардын баасын көтөрүшүбүз керек. Ошондой эле сырьену айтсак, мында сүттүн кышында азайуусу баанын өсүшүнө алып келүүдө.
Фермерлер көп көңүл бурбайт, сүт менен жакшы киреше тапса болот. Тоютту сатып албай, жерине айдап, жакшы түшүм алып, мал бакса актайт. Киреше тапкан фермерлер бар, дагы алардын санын көбөйтүү үчүн биз окутууларды жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз. Себеби заводдо сүт көп болсо, көп продукция чыгып, завод көп акча табат».
2022-жылы Кочкор районунда Бүткүл дүйнөлүк банкттын проектисинин алкагында “Центр конкурентноспособности” деген проект башталган. Бул проектке тандалып алынган айыл өкмөттөрдө окуулар жүргүзүлүп жатат. Айылдарда 27 кишиден турган кооператив түзүлдү. Лидер шайланып жана алар тарабынан сүт багытындагы уйларды кантип багуу, кантип туура сааш керек, кантип дарылоо керек, кантип уруктандыруу керек, кантип тоютту даярдоо керектиги тууралуу билимдер берилет. Окутуу бүткөндөн кийин ар бирине проценти жок 120 000 сом кредит берилет.
Азыркы күндө төмөнкү айылдар бул окутуудан өттү. Кош Дөбө айыл өкмөтүнөн Кара-Күнгөй, Кара-Саз айылдары, Кочкор айыл өкмөтү Исакеев, Теңдик айылдары, Кум Дөбө айыл өкмөтү, Акжар жана Кум Дөбө айылдары, Семизбел айыл өкмөтү Семиз бел жана Каратоо айылдары.
2023-жылы бул проектке Чолпон жана Эпкин айылдарын киргизип жатабыз. Чолпон, Дөң Алыш айылдарына муздаткычтар берилип жатат. Жайында сүт чогултууга арналган.
Тоютту камдоо үчүн Кочкордо силоско 70 гектар жер айдалды. “Пионер” аталган америкалык сорттогу жүгөрү алынып келинген. Бул бат, 77 күндө бышат. Гектарынан 30 тонна түшүм алышты. Быйыл 400 гектар айдалат деген прогнозубуз бар.
Дагы Европейский фонд тарабынан Минсельхоз аркылуу ПОДР(Проект обеспечения доступа к рынкам) проект менен иштеп, жүгөрү сепкич жана чапкыч келе турган болду.
Фермерлер жерин туура иштетүүгө үйрөнүп, жакшы сапаттагы, көп тоютту даярдап ала турган болсо, алар малдан киреше таба алышат.
Гулира Сатарова