Сары-Булак айылы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 264 чакырымында жайгашкан. Бул жерде 26 жыл мурун балык сатуу бизнеси башталган. Балык сатуу бизнеси үчүн 10дон ашык соода-түйүндөрү курулган менен бүгүнкү күндө 6-7 гана жерде балык сатуу иши жүргүзүлүп келет.
Бир жылда балык баасы тездик менен өсүп жатканы бардык керектөөлөрдүн өсүшүнө байланыштуу, аны менен катар балык сатуу иши абдан көп түйшүктү талап калат. Бышырылган балыктарды экинчи күнгө калтырбай сатуу керек, ал үчүн ысыкта да, суукта да эшикте тынымсыз кардарлары чакыруу керек. Балык кымбаттаганын дагы бир себеби, Соң-Көлдөн балык алып келүү иши 2010-жылы токтогон, бул мораторий 3жылдан кийин аяктаса мүмкүн балыктардын баасы бир аз арзандайт. Жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды төмөндөгү видеодон угуп-көрө аласыздар:
Бурул Майрамбек кызы