9-июнь күнү Чолпон айылына Нарын облусунан «Кербен» мобилдик бригадасы келип, элдерди акысыз медициналык кароодон өткөрүп кетишти. Ага Чолпон айылынан тышкары Эпкин, Ак-Чий, Молдо-Кылыч айылынын тургундары келип көрүнүштү. Жалпы келгендердин саны 82ге жетти.
Айзада Касымова
ҮДТ №6 Чолпон айылынын үй-бүлөлүк мед айымы Айзада Касымова төмөнкүлөрдү айта кетти:
«Бизге Чолпон айылына Нарын облусунан акушер гинеколог, узист, анализ ала турган эки лаборант жана гепатит в вакцинасын жасай турган бир вакцинатор кыз келип, элдерди көрүштү. Ал эми бул долбоордун негизги максаты вирустук гепатит «В», «С» га, ВИЧ/СПИДке каршы анализ алып, вакцина жасоо жана оорулууларды тапса аларды алдын ала дарылоо.
Эгерде адам гепатит Б менен ооруса ал эч билинбейт. Аны анализ аркылуу гана биле алабыз. Мисалы бизде ВИЧ/СПИДке анализ ал десең башкача көз караш менен карашып, түшүнүшпөйт. Ошол себептүү бул проектиге УЗИни, гинеколог жана терапевти кошкон. Ошонун негизинде элдер келип, биринчи гинекологго көрүнүп, анализ алып андан соң УЗИге түшүп жатышат. Булар 10 күн жүрүшөт жана ошол 10 күндүн ичинде бардык айылдарга барып, элдерин көрүшөт. Бул жакка бир гана Чолпон айылындагы элдер эмес Ак-Чий, Эпкин, Молдо-Кылыч айылынын тургундары да көрүнүштү. Ал вакцина болсо күнүнө 70 80 адамга жасалып жатыптыр».
Турган Чоморова
Эпкин айылынын ФАП фельдшердик кызматында иштеген Турган Чоморова: «Бизге ушул «Кербен» деген былтыртадан бери келип, элибизди көрүп, алардын ден-соолугуна кам көрүп жатышат. Айылдан шаарга жете албай жаткан элдерибизге чоң жардам болду. Ичинде УЗИ, гинеколог, терапевт анан анализ алган бар. Анализ гепатит «Б» га, «С» га, СПИЧке жана сифилиске алынып жатат. Айыл тургундарынын ден-соолугуна кам көрүп келип жаткандарына ыраазычылыгыбызды билдиребиз».
Жаманкан Акматова
Ак-Чий айылындагы ФАПтын үй-бүлөлүк мед айымы Жаманкан Акматова: «9-июнь күнү Чолпон айылына мобилдик бригада келип, элдерди бекер көрүп жаткандыктан биз дагы Ак-Чий айылынан элдерди алып келип көрсөттүк. Ал Чолпондон 6 км алыстыкта жайгашкан. Биздин айылдан көрүнгөндөрдүн саны 10 чакты киши болду. Ал эми Ак-Чий айылынын жалпы калкынын саны 250 киши. Бул жакка үч айылдын тургундары келип көрүнүштү. Алар Молдо-Кылыч, Ак-Чий жана Эпкин айылы. Биз бул келген мобилдик бригадага чоң рахматыбызды айтабыз. Себеби элдерге жеңилдик кылып, бекер көрүштү. Бул нерсенин бизге дагы пайдасы чоң жана мындан дагы көбүрөөк келип турушун каалайт элек».
Масыйнакан Алтымышова
Чолпон айылынын тургуну Масыйнакан Алтымышова: «Мен бул жерге келип, анализ тапшырып, УЗИге көрүндүм. Андан соң терапиясына барып каралдым. Мени жакшы кабыл алышты. Ушул убакка чейин мындай жок болгондуктан, шаарга баруучумун. Ал эми бул жакка келгенин укканда ушул жакка келип көрүнүп жатам. Бул нерсенин келгени айыл тургундарына чоң жеңилдик болду. Айырмасын дарыланып көргөн соң айтпасам азырынча айта албайм. Жалпы Чолпон айылынын тургундары ушул «Кербен» мобилдик бригадасына чоң рахматыбызды айтабыз».
Каттоо жүрүп жаткан учур
Акушердик бөлмө
Кезектеги адамдар
УЗИнин бөлмөсү
«Кербен» мобилдик бригадасы
Акылай Карыпбекова, Кусейин Марат уулу