Нарын шаарында «Достук шаңы » фестивалы болуп өттү. Анда жаш курагы менен категориялар боюнча 7-9 жаш, 10-13жаш, 14-17 жаш деп бөлүнүшкөн. Ар бир номинациядан бирден жеңүүчүгө сертификат берилип, Республикалык турга …
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10б классынын окуучусу Акылай Болотбекова райондук олимпиада да 1-орунга ээ болуп, l даражадагы диплом менен сыйланды.
Абдулла Качыбеков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде «Ырыс алды ынтымак» аттуу эже-агайлар арасында спорттук мелдеш уюштурулду.
Кыргызстан боюнча 23-24-майда бүтүрүүчүлөр ЖРТ тапшырышканы баарыбызга белгилүү. Ошол тесттин жыйынтыгы чыгып, Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде жогорку балл алган окуучуларга сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
9-июнь күнү Чолпон айылына Нарын облусунан «Кербен» мобилдик бригадасы келип, элдерди акысыз медициналык кароодон өткөрүп кетишти. Ага Чолпон айылынан тышкары Эпкин, Ак-Чий, Молдо-Кылыч айылынын тургундары келип көрүнүштү. Жалпы келгендердин саны …
Жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоону эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам эң алгач 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.
Чолпон айылы менен Ара-Көл айылдарынын ортосундагы Ак-Белде таштандынын саны уламдан улам көбөйүүдө. Элге өтө чоң залака келтирип, элдин нааразычылыгы күчөдү.
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун »Бир адамдан бир көчөт» жарлыгы боюнча 2 жылдан бери Ара-Көл мугалимдери көчөттөрдү тигип келүүдө.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн эли менен райондук администрация башчысы менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйында аким элдин көйгөйүн, жүрүп жаткан долбоорлорду өз көзөмөлгө аларын баса белгиледи.
Окуу процессинде электрондук ресурстарды пайдаланууга шарттар түзүлдү. «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектеби да Электрондук китепкана жана 5 мультимедиалык класс менен жабдылды.
Кочкор районундагы Чолпон айылынын тургундары жыл сайын койлорду купкага салышат. Бул жылы жаз жыйырма күнгө эрте келгендигине байланыштуу жайлоого эрте кетип жатышат. Бүгүн эртең менен айылдын малдарын купкага салышты.
Кочкор районунун Корчубек Акназаров орто мектебине бекер УЗИ аппараты менен келип окуучулар менен мугалимдердин ден соолугун текшерүүдөн өткөрдү.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин окуучулар арасында өтүлгөн “Күз берекеси” конкурсу жыл сайын уюштурулат. Мелдешке 5-6-7-класстардын окуучулары катышышты. Өтүлгөн убак 30-ноябрь күнү саат 11:00дөн 12:30га чейин болду.
Чолпон айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектебине Кочкор районундагы ички иштер бөлүмүнүн орун басары жана өспүрүмдөр уюмунун инспекторлору мектеп окуучуларына жыйналыш өттү.
Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалдан улам билим берүү системасы онлайн режимге өткөндүгү баарыбызга маалым. Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда оффлайн түрүндө болору белгилүү болду. Мектеп окуучуларынан жаңы окуу жылына карата даярдыктарын сурап көрдүк.
Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинде 46 мугалим эмгектенет. Аты аталган аталган мектепте мугалимдердин дээрлик 86 пайызы вакцина алышкан.
Апрель айында Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүндө медиа сабаттуулукка арналган семинар болуп өткөн. Ал жергиликтүү тургундарга багытталып, катышуучулар фейк маалымат жана аны аныктоо, шайлоо жана Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат …
Кочкор районунун Чолпон айылында 10-январь күнү президенттик шайлоо 8⁰⁰ дө башталып, 20⁰⁰ до добуш берүү соңуна чыкты.
Кыргызстанда 9 миллиондон ашуун гектар жайыттар бар. Мамлекетибизде деградацияга учураган 60% жайыт жерлери такырланган деп айтып келишүүдө. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагындагы 50 миңге жакын гектар жайыттары …