Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун »Бир адамдан бир көчөт» жарлыгы боюнча 2 жылдан бери Ара-Көл мугалимдери көчөттөрдү тигип келүүдө.
Мектептин ачылышына даярдык
Жаз айынын келиши менен мектептин айлана-тегерегине көчөттөр тигиле баштады. Көчөттөр Ара-Көл орто мектебинин мугалимдер жамааты тарабынан алынып келип тигилди. Ара-Көл орто мектебинин директору Рысбек Айдаркулов:
»Ара-Көл орто мектеби 2018-жылы азыркы убакта окуп жаткан мектеп корпусу МЧС, жарандык коргоонун комиссиясы тарабынан авариялык жараксыз абал деп табылып ошол эле жылы мамлекеттик бюджет эсебинен жаңы мектеп куруу планы кийирилип бекилген. Азыркы убакта курулуш иштеринин 98% бүтүп, 2023-жылдын сентябрь айында ачылыш алдында турат. Сентябрь айында жаңы окуу жылына даярданып андан тышкары Кыргыз Республикасын президентинин «Жашыл Мурас» улттук компаниясы, «бир адамдан бир көчөт» акциясын кошуп Ара-Көл орто мектебинин жалпы коллективи жашылдандыруу иштерин жүргүзүп атабыз. Азыркы убакта бизге көчөттөрдүн жарымы алып келинди, дагы 50-60 түп ар түрдүү бак-дарактар алып келинет. Бизге быйыл бүтүрүүчү 11-класстын окуучулары ата-энелери менен бирге демөөрчү болуп 5 түп балаты алып беришти. Ал эми калган көчөттөр мугалимдер тарабынан алып келинди»,-дейт.
11-класстын окуучулары ата-энелери менен бирге демөөрчү болуп 5 түп балаты алып беришти
Иш учуру
Ошондой эле Ара-Көл орто мектебинин бүтүрүүчу классы ата-энелери менен бирге спонсор болуп беришти. Ата-энелердин сөзүнө кайрылсак:
«Жаңы мектебибиз бүтүп атканына байланыштуу быйыл 11-класстын окуучулары мектепке эстелик, белек катары 5 түп балаты алып бердик. Спонсор болуу бул ата-энелердин идеясы. Аз да болсо салымыбызды кошуп кеткибиз келди».
Өлкөбүздүн көпчүлүк жери жашылдандыруу иштери жүрүп жаткандыгы бардыгыбызга маалым. Темабызга ылайык эле Чолпон айылынын маданият үйүндө жана Корчубек Акназаров атындагы мектепте да балатылар тигилди.
Чолпон айылынын маданият үйүнө Эрлан Жамгырчиев 29 түп балаты тиктирди
Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков төмөндөгүлөргө токтолду: «Быйыл мектебибизге 1983-жылы ушул Чолпон орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү 40 балаты тигип беришти. Бул бүтүрүүчүлөрдүн 40 жылдыгы жана 40 окуучу болгондуктан 40 түп балатыны мектеп жамаатына тартуу кылышты».
Жаңы тигилген балатылар
40 түп балаты
Иштин кызуу жүрүп жатышы
Айтолкун Үсөйүнова, Назик Майрамбек кызы, Али Каипбеков, Кусейин Марат уулу