Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев атындагы орто мектепке «Келечек үчүн билим берүү» долбоору тарабынан балдардын билимин жогорулатуу максатында 20 компьютер, 6 проектор, бирден хаб жана 2 комутатор берилди.
Окуучулардын компьютерде сабак көрүп жаткан учуру
Замира Нурдинова мектеп директору
Т. Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова:
«Биздин мектепке келген компьютерлерди «Келечек үчүн билим берүү» долбоору ишке ашырылып дүйнөлүк багытты каржылоосу менен Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан ишке ашырылды. Долбоорун максаты, мектепке чейинки билим берүү программаларын кеңейтүү тарбиячылардын жана мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу максатында.
Долбоор эки компоненттен турат биринчиси окутууну жакшыртуу, экинчиси жыйынтыктарга жетүү үчүн ишке ашыруу жана башкаруу. Билим берүү кызматтарын алууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болбой жаткан балдарды мектепке даярдыгын жана деңгээлин жакшыртуу максатында ар кандай иш- чараларды аткаруу максатында берилди. Кыргызстан боюнча азыркы күндө 1200 мектепке компьютердик техникаларды берди. Анын ичинде биздин мектепке да 20 компьютер, 6 проектор, бирден хаб жана комутатору менен алып келип берди.
Мугалимдердин ишин жогорулатуу боюнча подкомпоненттердин алкагында төмөнкүдөй окутуу иш чараларын өткөрүү тандалган. Мугалимдер 5 предметтен химия, биялогия, математика, физика жана география предметтери боюнча окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында жана азыркы күндө дүйнөнүн ПИЗА програмасынын ПИЗА- 2025 эл аралык салыштырмалуу изилдөөсүнө катышууга карата ушул предметтерди тереңдетип окутуу жана STEM багытында балдардын билимин өркүндөтүү максатында окуучуларды компьютерде сабак аткарып жатышат»,- деп билдирди мектептин директору Замира Нурдинова.
Жумагүл Көчкөнбаева