Т.Кулатов айыл өкмөтүндө 9-май Улуу Ата-Мекендик «Жеңиш»күнүнө карата окуучулар арасында сынак өткөрүлдү. Жалпысынан айыл өкмөттөгү 10 мектеп патриоттук ырларын, улуттук бийлерди, Манас айтуу жана көркөм окуу боюнча ат салышты. Ар бир номинацияларга акчалай сыйлыктар берилди.

Калыстар тобу

Аманилла Абдылдаев
Кулатов айыл өкмөтүнун башчысы Аманилла Абдылдаев: «Бүгүнкү болуп жаткан иш чарага 27 миң сом акча каражаты бөлүндү. Иш чаранын негизги максаты, жаштарды патриоттуулукка, достукка, ынтымыктуулукка чакыруу, жана Манас эпосу боюнча Манастын калк арасына жайылтуу боюнча иш чара болуп өттү. Бул кароо сынакта Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектеп ат салышты. Окуучулардын аткарган номерлери мени суктандырды. Патриоттуулук сезими мыкты экени аткарган ырларынан, көркөм окууларынан билинип жатты»,- деп билдирди Аманилла Абдылдаев.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Камбарова Бактайым
Жергиликтүү кеңештин депутаты Камбарова Бактайым : «Бүгүнкү иш- чара Жеңиш күнүнө карата өткөрүлдү. Ал иш- чарага Кулатов айыл өкмөтүндөгү 10 мектеп ат салышты баарынын даярдыгы эң жакшы. Иш- чара жогорку деңгээлде өттү. Анча мынча көркөм окуу жана Манас айтуу боюнча кемчиликтер болду. Манас айтууда көпчүлүк мектептер хор айтышты алардын арасында бир, экөө гана образга кирип айтышты. Аларды эске албаганда кароо сынак эң жакшы деңгээлде өткөрүлдү. Мындан ары иш- чараларды уюштуруп турууга аракет кылабыз. Окуучулардын аткарган ырлары, бийлери мени аябай суктандырды»,- деп билдирди Камбарова Бактайым

Окуучулар бийлеп жаткан учур

Ырдап жаткан учур
Чынара Көчкөнбаева, Жумагүл Көчкөнбаева