Сокулук районун Жаны-Жер айыл аймагына караштуу Восточный айылында жайгашкан мектеп окуучулары «Сары-Өзөн чолпондору» фестиваль сынагына катышышты.
Аталган көргөзмөгө мектептин окуучуларын даярдоодо көркөм өнөр жана сүрөт сабагынын мугалимдери Патимат Абакаргаджиева, Оксана Черневалар даярдык көрүштү.
Мектеп мугалими ПатиматАбакаргаджиевна: «Бул көргөзмөгө даярдык жыл бою жүрдү, себеби, бул мектепте ар түрдүү ийримдер иштейт. Башталгыч класстар үчүн «Көркөм өнөр» ийримин өзүм жетектеймин. Окуучулар таштардан, жыгачтардан, колдонулган желим бөтөлкөлөрдөн, кийилбей калган кийимдерден, ар кандай жиптерден буюмдарды жазашат. Биз буга чейин мектеп ичинде класстар арасында «Таштандыдан киреше табуу» деген аталышта көргөзмө уюштурган биз. Керектүү чыккан кийим кече, буюмдарга экинчи жашоо берүүнү окуучуларга түшүндүрүү менен ар кандай нерселерди жасап окуучулардын кызыгуусун ойгото алдык. Учурда ийримдерге катышкан таланттуу окуучуларды алып чыгып кароо сынакка катыштырып жатабыз».
Фестивальда мектеп окуучуларынын колунан жаралган көргөзмө уюштурулуп, көрүүчүүлөрдүн купулуна толду.
Бул сынакка айыл аймагындагы мектептеринин окуучулары дагы катыша алышты.
Турсун Омуралиева