Тогуз-Торо районунун активист айымдарына Марал ФМ радиосунун башкы редактору Орозгүл Арстанова тренингдин 2-сериясын улантып, онлайн форматта керектүү маалыматтары менен бөлүштү.

Иш- чаранын жүрүшүндө презентациялар менен тааныштырылып, кызыктуу мисалдар менен түшүндүрүлду. Катышуучулар суроолорун беришип, жоопторун алып жатышты.

Жыйынтыгында, айрым катышуучуларга кайрылып, төмөнкүдөй жоопторун беришти:

Адина Дайырбек кызы: «Ыр музыка тизүү боюнча кеңештерди билип алдым. Радиодо негизги этиканы, ыр музыка тизүү боюнча кенештерди билип алдым. Радиодо маек курууга келген меймандар менен баарлашуу боюнча, жаңы маалыматтарды үйрөнө алдым.”

Бактыгүл Турдугожоева: “Бүгүнкү тренинг жакты. Эфирлердин алып баруу маданиятын биле алдым. Алдыда эфир алып барып жатканда же рубрика даярдап жатканда бүгүнкү тренингден алган билимимди колдоном, тажрыйба ала алдым.”
Бурулкан Кадырбекова: “Түз эфирге чыкканда өзүңдү кандай алып жүрүү керек, радио программаларды алып чыгуу боюнча кеңештерди билдим. Эфирди алып баруу маданияты, үн боюнча кеңештер, түз эфир аяктаганда, темага жараша ылайыктуу музыка тандап коюш керек экен. Буюрса, үйрөнгөн маалыматымды колдоном.”

Соңунда келген катышуучулар онлайн тренинг пайдалуу, кызыктуу болгонун билдиришип, Орозгүл Арстановага ыраазычылыгын билдиришти.
Тренинг Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосунун кеңсесинде өттү. Интерньюстун «Аймактык журналисттерди колдоо» программасынын алкагында өткөрүлүп жатканын радионун жетекчиси Анара Мааметова билдирди.
Альбина Бейшеналиева