Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектептин мугалими Венера Эпээвага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамы ыйгарылды. Ардак наам Венера Эпээванын билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгегин, кесиптик чеберчилигин жана жаш муундарды окутуп-тарбиялоого кошкон салымын баалоо максатында берилди.

Бул маанилүү окуяга байланыштуу Т.Сатыбалдиев атындагы орто мектепте Венера Эпээвага арналган куттуктоо иш-чарасы өтүп, анда мектеп жамааты жана окуучулар мугалимге жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.

Иш-чарада мектептин директору Жылдыз Молдобаева сөз сүйлөп, Венера Эпээваны жогорку ардак наамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө кесиптешинин билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгегин белгилеп, анын жетишкендиктери мектеп жамааты үчүн чоң сыймык экенин айтты.

Ошондой эле мугалимдердин атынан Айгүл Байсабаева сөз сүйлөп, кесиптешин куттуктады. Ал Венера Эпээванын эмгекчилдигин, кесипке берилгендигин жана окуучуларга сапаттуу билим берүүдө кошкон салымын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар да өз ойлорун айтып, Венера эжекесинин аларга берген билими, таалим-тарбиясы жана адамдык сапаттары тууралуу жылуу пикирлерин билдиришти.

Мектеп жамааты үчүн Венера Эпээванын «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамына татышы — чоң жетишкендик жана сыймыктуу окуя. Бул сыйлык анын билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгегинин татыктуу баасы болду.
Даярдаган: Анара Мааметова