Ак-Талаа районунда жумуртка багытындагы тоок чарбасын өнүктүрүп жаткан жергиликтүү ишкерлердин саны артып, калкты сапаттуу жана ата мекендик азык-түлүк менен камсыз кылууга салым кошууда.

Алардын бири — Конорчок айылында Улук Исамамбетов 1000 баш, Баетов айылында Исамамбетов 500 баш, Батырбек уулу Бекзат 1500 баш тоок багып, жумуртка өндүрүү менен алектенишет. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким М. Камчыбеков аталган тоок чарбаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, чарбаларын мындан ары кеңейтүү максатында айылдардын сырт жагынан жер тилкесин бөлүп берүү маселесин көтөрүштү.
Жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүүгө шарт түзүү райондун экономикалык потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана калкты сапаттуу ата мекендик азык-түлүк менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова