Бүгүн, 2026-жылдын 9-майында Токтогул шаарынын борбордук аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Мекен үчүн жан берген баатырлардын элесине таазим кылуу үчүн келген элдин катары калың болду. Майрамдык иш-чара салттуу түрдө “Өчпөс отко” гүлчамбар коюу менен башталды. Согуш талаасында курман болгондордун элесине багышталып куран окулуп, аскердик залп атылды. Салтанаттын расмий бөлүгүндө Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев жана Токтогул шаарынын мэри Б.Б.Бактыбеков сөз сүйлөшүп, жалпы тургундарды майрамы менен куттукташты.
Аким өз сөзүндө: “Биздин бүгүнкү тынч жашообуз – аталарыбыздын каармандыгынын жана энелерибиздин ооруктагы эрен эмгегинин үзүрү. Тарыхты унутпай, бул эрдикти кийинки муундарга жеткирүү, жаштарыбызды мекенчилдикке тарбиялоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз”, — деп баса белгиледи.
Парад жана «Өлбөс полк» быйылкы майрамдын өзгөчөлүгү — аскердик параддын уюштурулушу болду. Райондук аскер комиссариатынын, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана КР ИИМнин 7706 аскер бөлүгүнүн жоокерлери саптык жүрүш менен өтүштү. Аларга Баткен, Афган жана Тажик-Афган окуяларынын ардагерлери кошулуп, муундар аралык байланышты чагылдырышты.
Ошондой эле, шаар тургундары жана мекеме кызматкерлери колуна согуш катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп, “Өлбөс полк” жүрүшүнө активдүү катышты. Салтанат А. Керимбаев атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен уланды. Согуш жылдарындагы ырлар жаңырып, театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды. Майрамдын алкагында спорттук оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.
Иш-чаранын соңунда ардагерлер жана ооруктун кызматкерлери үчүн атайын «аскер тамагы» берилип, сый тамак уюштурулду. Жеңиш күнүнө карата мындай салтанаттар Токтогул районунун бардык айыл аймактарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кеңири белгиленди.
Даярдаган: Азема Сабырбекова