Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы Турусбек мектебинин 11-классынын окуучусу Дүйшебайева Раяна Бакытбековна Республикалык деңгээлдеги сынакта жеңүүчү аталып, «Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамын алды.

«Керемет Холдинг» тарабынан уюштурулган бул сынакка Раяна өзүнүн билими жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен катышкан. Ал «Мен сыймыктанган инсан» аттуу дил баянында залкар акын Токтогул Сатылгановдун басып өткөн жолун зор сыймыктануу менен баяндап, калыстардын жогорку баасын алды.

Раяна «Керемет Холдинг» ЖЧКсы жана Жаштар кыймылы тарабынан уюштурулган сынакта өзгөчөлөнүп, I даражадагы диплом жана «Кыргызстандын мыкты окуучусу» төш белгиси менен сыйланды. Сыйлыкты Бишкек шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча кеңешинин төрагасы Данияр Бекешов салтанаттуу түрдө тапшырды.

«Мындай демилгени колдоого алган Жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаровго жана «Керемет Холдинг» ЖЧКнын башкы мүдүрү Жаркынай Таалайбековага терең ыраазычылык билдиребиз, кызыбыздын ийгилиги бизди аябай кубантты» дейт атасы Бакыт Дүйшебайев.

Раяна үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Атасы Бакыт менен апасы Мунаранын татыктуу тарбиясын алып, бүгүнкү күндө мектептин алдыңкы окуучуларынын бири. «Кыргызстандын мыкты окуучусу» наамын алып, башка окуучуларга үлгү боло алды.

«Мурда аракеттеримдин акыбети кайтар бекен деп ойлончумун. Көрсө, талыкпай окуу менен ийгиликке жетсе болот экен. Башкысы — жалкоолукка алдырбай, максатка ишенимдүү кадам таштоо керек» дейт Раяна.

Келечекте журналист же тарыхчы болууну самаган Раяна учурда ЖРТга катуу даярданып жаткан кези. Анын максаты — 200дөн жогору балл алып, өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларына тапшыруу.

Даярдаган: Азема Сабырбекова