Толукта 9-май Жеңиш күнү жана 17-май Энелер күнүнө карата «Эне-баланы коргоо» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Майрамдык кечеге айыл тургундары, Толук айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана Токтогул райондук Аялдар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Иш-чаранын расмий бөлүгү эне жана баланын укуктарын, коопсуздугун даңазалаган атайын слайд менен башталды. Толук айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин төрайымы Зыйнат Абасова доклад жасап, коомдогу эненин орду жана балдарды коргоонун маанилүүлүгүнө токтолду.

Бул күнү айыл тургундары үчүн дагы бир маанилүү окуя болду. Жергиликтүү калемгер Н. Кулжыгачованын «Жан дүйнөм» аттуу жаңы китебинин бет ачары өтүп, катышуучулар автордун чыгармачылыгына ийгилик каалашты

«Бүгүнкү «Эне-баланы коргоо» иш-чарасы абдан маанилүү. Анткени эне — бул үйдүн куту, коомдун тиреги. Эне бактылуу болсо — үй-бүлө бактылуу, үй-бүлө бактылуу болсо — мамлекет күчтүү болот. Биздин райондук Аялдар кеңешинин башкы максаты да — ар бир эненин укугун коргоо, ар бир баланын татыктуу өсүшүнө шарт түзүү жана аялдардын коомдогу ордун бекемдөө. Ошондой эле, Н. Кулжыгачованын «Жан дүйнөм» аттуу китебинин жарык көрүшү биз үчүн чоң сыймык. Чыгармачылык — бул рухий байлык, ал эми рухий өсүш бар жерде өнүгүү болот. Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ачык асман каалайм. Ар бир үйдө балдардын күлкүсү жаңырып, энелердин жүзүнөн жылмаюу кетпесин» деди Токтогул аялдар кеңешинин төрайымы Чынара Суракматова.

Толук айыл өкмөтүнүн башчысы А. Асанов жана Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Ч. Суракматова баштаган коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алар эне менен баланын бакубат жашоосу – мамлекеттин келечеги экенин баса белгилешип, айылдын активдүү айымдарына Ардак грамоталарды, Ыраазычылык каттарды жана баалуу белектерди тапшырышты.

Майрамдын көркүн Толук айылынын «Шайыр апалар» тобу ачты. Алардын аткаруусундагы элдик ырлар жана шаңдуу күүлөр келген конокторго өзгөчө маанай тартуулап, иш-чара жогорку деңгээлдеги концерттик программа менен жыйынтыкталды. Бул иш-чара – энелерге болгон сый-урматтын жана айылдагы биримдиктин далили болду.

Даярдаган: Азема Сабырбекова.