Сатыкей баатыр (Сатыке) — 18-кылымдын аягы жана 19-кылымдын башында жашаган, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү кыргыздардын Кокон хандыгынын баскынчылык саясатына каршы күрөшүнүн көрүнүктүү жетекчиси жана кол башчысы.

Эл арасында «кокондуктардын кокосуна тийген тикен» деген каймана атка ээ болгон. Сатыкей баатыр Кетмен-Төбө, Аксы жана Талас аймактарынын коопсуздугун сактап, карапайым калкты душмандын кордугунан коргоп келген. Сатыкей баатыр кыргыздын Саруу уруусунан чыккан. Сатыкей баатырдын аталары:
Долон бий
Куу уул
Саруу… (ортодогу муундар)
Муратаалы
Алакчын Ийрижолон (Эр-Жолон)
Олжочу Жумабай
Сатыкей баатыр
Анын уулу Сарыкашка да өз мезгилинин белгилүү инсандарынан болгон.

Сатыкей баатырдын ысымы Шабдан баатыр, Тайлак баатыр, Байтик баатыр сыяктуу кыргыз элинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн улуу инсандардын катарында аталат. Анын тарыхтагы орду бүгүнкү күндө кыргыз тарыхын жана маданиятын изилдөөдө маанилүү орунду ээлейт.
Чоң-Арык айылы Кетмен-Дөбө айыл аймагына кирет. Сатыкей баатыр дал ушул Кетмен-Төбө өрөөнүн Кокон хандыгынан коргоп, аймактын коопсуздугу үчүн күрөшкөн. Айылдын жашоочулары баатыр бабасынын эрдиктерин санжыра катары муундан-муунга өткөрүп, анын атын сыймыктануу менен алып жүрүшөт.
Эл оозундагы уламыштарда Сатыкей баатырдын жайчылык касиети болгон деп айтылат.»Кокондуктардын кокосуна тийген тикен»: Бул аңыз кеп анын чечкиндүүлүгүн жана багынбас мүнөзүн сүрөттөйт. Ал Кокон хандыгынын Нарбото бий жана Эрдана бий сыяктуу башкаруучуларынын тушунда кыргыздарды багындыруу аракеттерине катуу каршы турган. Баскынчылар Сатыкей баатырдын айлакердигинен жана аскердик талантынан коркуп, аны «алкымга тыгылган тикендей» көрүшкөн.

Сатыкей баатыр Чүйдү жана Таласты бошотууга катышкан Бишкек, Бердике жана Жайыл баатырлар менен бир мезгилде жашап, Кетмен-Төбө аймагын калмак баскынчыларынан тазалоодо алдыңкы катарда болгон. Кетмен-Төбөдөгү бай-манаптардын көбү сырткы жоо келгенде элди таштап качып кетишсе, Сатыкей баатыр карапайым элди коргоп калганы айтылат. Анын ушул калыстыгы жана эрдиги үчүн аттуу-баштуу бийлер да анын алдында баш ийип, акыл сурап келишкен.Талас облусундагы мурдагы Куру-Маймак айылынын аты дал ушул баатырдын урматына Сатыкей деп өзгөртүлгөнү да эл арасында чоң сыймык менен айтылат.
Даярдаган: Азема Сабырбекова