Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Т.Кулатов

Т.Кулатов айыл өкмөтүндөгү мектептер арасында аймактык «Жоокер ыры» сынагы өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандардын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында «Жоокер ыры» аскердик ырлардын зоналык сынагы өткөрүлдү. …

Т. Кулатов айылында кызамык оорусу менен 8 адам катталды

Ош рбулусуна Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында кызамык оорусу менен 8 адам катталды. Азыркы учурда алардын ден соолуктары жакшы.

Эл өкүлү Кулатовдогу эскилиги жеткен мектепти көрүп кетти

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Равшанбек Рысбаев келип  элдин көйгөлөрү менен таанышты. Буга чейин жергиликтүүлөр эскилиги жеткен мектеп  жана социалдык объектилерди жаңыдан …

Т. Кулатов айылында аким менен элдин жолугушуусу болду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында аким менен элдин жолугушу  болуп өттү. Чогулушта жергиликтүү тургундар  акимге суроолорду узатып, бир канча көйгөйлөрүн айтышты. Алардын негизги маселелери катары электр энергиянын …

Т. Кулатов айыл өкмөтүнө жаңы айыл өкмөт башчы дайындалды

Т. Кулатов айыл өкмөтүнө Көк-Жар айылынан келген Сатар Миңбаев айыл өкмөт башчы болуп дайындалды. Буга чейин Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө 2 созыв айыл өкмөт башчы болуп иштеген.

Ноокат району: Айылдагы фитнес борборго келген айыл тургундарынын саны көбөйүүдө

Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагындагы ден соолукту чыңдоо фитнес борбору 2023-жылдын октябрь айында ишке берилген. Ден соолукту чыңдоо борборуна айыл тургундары келип машыгып, жакшы жыйынтыктарды көрүүдө.

Жаңы шайланган Ноокат районунун акими эл менен жолукту

Жакыпбек Субагожоев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-декабрда президенттин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Жаңы шайланган аким аймактарда чогулуш өткөрүп, элдердин суроо талаптарын укту.

Ноокат району: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулду

11-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кошуундары уюшулуп, окуучулар мүчөлүкө кабыл алынды. Иш чарага 2-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

Майыптыгы бар балдар үчүн «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү

6-декабрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында майыптар күнүнө карата «Биз сени мененбиз» аттуу иш чара болуп өттү.

Ноокат: «Ак таңдай» акындар ордосуна 30 жыл

24-ноябрь күнү Ош шаарынын Кулатов айыл аймагына «Ак таңдай» акындар тобу айыл тургундарына концерт коюп беришти.  Концертке Кызыл-Булак айылынын жашоочулары келип, көрүп кетишти. 

Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн Курултайга делегаттар шайланды

15-декабрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү Курултайга Т. Кулатов айыл өкмөтүнөн делегаттар шайланды. Алар: Азимжан Абдиллаев жана Абсатар Эшимбаев.

Баглан айылында жаңы ФАП курулду

22-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Баглан айылында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП) ачылышы болду.

Ноокат району боюнча тарых сабагынан семинар болуп өттү

17-ноябрь күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Айбашев атындагы орто мектебинде тарых сабагынан райондук деңгээлде семинар болуп өттү. Семинарга жалпысынан 80ден ашуун мугалимдер катышты.

Кызыл-Булак жамааттык медиа борборунун кабарчыларына 2 күндүк тренинг уюштурулду

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылындагы жамааттык мультимедиа борборунда тренинг болуп өттү. Тренингге жалпысынан он ыктыярчы кабарчы окуучу катышты. Кызыл-Булак жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Чынара Нурманова тренингдин окуучуларга тийген …

Кызыл-Булак айылында кызамык оорусу боюнча абал туруктуу

Өлкө аймагында кызамык боюнча эпидемиологиялык абал курч болуп турат. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кызыл-Булак айылында кызамык оорусу катталган жок. Дарыгерлердин берген маалыматында балдардын бары эмдөөдөн өткөн. 

Алтын күз майрамы Т. Айбашев мектебинде өткөрүлдү

Т. Айбашев атындагы орто мектебинде алтын күз майрамы болуп өттү. Майрамга 5-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. 

Ноокат: Айыл өкмөттөр ортосундагы тажрыйба алмашуу

Ноокат районунун Т.Кулатов айылына Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынан иш тажрыйба алмашуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары келди. Алар Т.Кулатов айылындагы жасалып жаткан иштерди, тажрыйбаларды көрүүдө.

Т. Кулатов айылында «Адамды сатууга каршы курөшүү күнүнө карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөтүндө 30-июль «Адам сатууга каршы күрөшүү» күнүнө карата маалыматтык компания Тилебалды Айбашев атындагы орто мектебинин мугалими Матраимова Айиса тарабынан өткөрүлдү. 

Т. Кулатов айылында коомдук угуу болуп өттү

Т.Кулатов айылында 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча, коомдук угуу болуп өттү. Бул иш- чарада ички көчөлөрдүн кеңейтүүсү, таза суунун жетишсиздиги, электр жарыгы менен камсыз кылуу маселелери каралды.

Т. Кулатов айыл өкмөтүндө күрөш оюндары болуп өттү

Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүндө эркин күрөш багыты боюнча мелдеш өткөрүлдү.  Күрөш оюндарына айыл өкмөт тарабынан 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип жана жеке демөөрчүлөр да болду.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...