Т.Кулатов айылында 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча, коомдук угуу болуп өттү. Бул иш- чарада ички көчөлөрдүн кеңейтүүсү, таза суунун жетишсиздиги, электр жарыгы менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Коомдук угуу болуп жаткан учур
Т. Кулатов айылынын башчысы Саветбек Турдубаев:
«Бүгүнкү жыйындын негизги максаты 2024-жылдагы бюджеттин долбоору боюнча. 2023-жылы келген кирешелердин кандай жумуштарга канча акча бөлүнгөндүгү боюнча маалымат элге толук берилди. Бюджет долбоорлонуп бекитиле элек. Спортко, медицинага, билимге каары картаңдарга, коопсуздукту алдын алуу боюнча акча бөлүнгөн, элдин талабы ар бир ишке канчадан акча бөлүнөрүн сурап кетти. Эл айтып жаткан көйгөйлөр электр жарыгы менен камсыз кылуу, ички көчөлөрдү кеңейтүү, шагал төшөө жана таза суу менен камсыз кылуу. Жалпы бөлүнгөн бюджетте экономикалык жактан деп көрсөтүлүптүр, мен ойлойм 2024-жылдан толук көрсөтүлөт деп»,- деп билдирди.
Саветбек Турдубаев
Ак-Чал айылынын Жаштар көчөсүнүн тургуну Гүлнара Галбаева: «Биздин бул жыйынга келгенибиздин максаты таза суунун, электр энергиясынын жетишсиздигинен кичи көчөлөрдүн оңдолуусун суранып келдик. Биздин айылда таза суунун жетишсиздигинен улам башка көчөдөн ташып ичибиз. Электр жарыгы жетишсиз»,- деп билдирди
Жумагул Көчкөнбаева