Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандардын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында «Жоокер ыры» аскердик ырлардын зоналык сынагы өткөрүлдү. Ага жалпысынан 10 мектептин окуучулары катышты.
Калыстар тобу
Жыйынтыгында 1-орунду Көркөм окуу номинациясы боюнча К. Колдошев орто мектебинин окуучусу Сезимгүл Шайдуллаева. «Атуулдук ыр» номинациясы боюнча Т. Айбашев орто мектебинин окуучусу Жумагүл Көчкөнбаева. «Согуштук ыр» номинациясы боюнча Т. Кулатов орто мектебинин окуучусу камсыз кылды.
Конкурс учурунда
Ноокат районунун Билим берүү бөлүмүнүн АЧД сабагынын методисти Кожонберди Кубатов сынактын максаты балдарды мекенчилдикке үндөө экенин билдирди:
Кожонберди Кубатов
«Коргоо жана Билим берүү министрлиги тарабынан «Жоокер ыры» кароо сынагына буйрук келген, ошол буйруктун негизинде конкурс өткөрүлдү. Бүгүнкү конкурска Т. Кулатов айыл аймагынан 10 мектеп катышты. Бул конкурс балдарды патриоттуулука, мекенди сүйүүгө тарбиялайт. Окуучуларга мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.»
Конкурс учурунда
Конкурс учурунда
К. Колдошев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Сезимгүл Шайдуллаева:
Сезимгүл Шайдуллаева
«Бүгүнкү конкурс жогорку деңгээлде болуп өттү. Мен көркөм окуу номинация боюнча 1-орунду камсыз кылдым. Буйруса Райондук конкурска да даярдыктарды баштайм.»
Жыйынтыктоо учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева