Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл аймагында 30-март күнү ишембилик өткөрүлүп, айыл аймагындагы көчөлөр, мекемелердин короолору, талаа бойлору таштандылардан тазаланды.
Ишембиликке мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышты.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тазалыкты камсыздоо максатында 3 айлык ишембилик жарыяланды.
Мындай ишембиликтер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, өз кезегинде тазалык менен бирге табиятка аяр мамиле кылуу, аны көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп турмакчы .

Ишембилик учуру

Көчөнүн бойлорун тазалоо учуру

Көчөлөрдү тазалоо

Айыл өкмөт кызматкерлери

Талааларды тазалоо учуру

Мекеме кызматкерлери
Жайна Келдибек кызы