2026-жылдын 10–11-июнь күндөрү өткөрүлгөн «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары: Ч.Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу республикалык интеллектуалдык сынакта Түп районунун окуучулары ийгиликтүү катышып, жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында районубуздун окуучулары төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
🏆 1-орун
Курдашев Баэл – Ж.Мукамбаев атындагы мектеп
🥈 2-орун
Кубатбеков Айдин – А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектеби

Токтосунова Сабрина – М.Элебаев атындагы мектеп
Асанбеков Ардак – М.Темиров атындагы мектеп
🥉 3-орун
Калыков Искендер – С.Исмаев атындагы мектеп
Жакшылыков Жеңишбек – А.Кайдуев атындагы мектеп
Аталган жетишкендиктер окуучулардын билимге болгон кызыгуусун, интеллектуалдык даярдыгын жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу тастыктады. Республикалык деңгээлдеги мындай сынакта ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүү окуучулардын тынымсыз изденүүсүнүн, мугалимдердин үзүрлүү эмгегинин жана ата-энелердин колдоосунун жемиши.
Түп районунун окуучуларынын бул ийгилиги районубуздагы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугун көрсөтүп, жаштардын билимге болгон умтулуусун арттырууга чоң дем берет.
Жеңүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана даярдаган мугалимдерин жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, мындан аркы окууларына жана иштерине жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Даярдаган: Гүлбара Жеңиш кызы.