Турусбек мектебинин окуучусу Улан Мырзагелдиев эл аралык деңгээлде өткөн ири илимий-техникалык форумда өзгөчө ийгиликке жетишти. Бишкек шаарында өткөн «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу Эл аралык форумга 5 мамлекеттен келген 315 таланттуу окуучу катышты
Улан өзүнүн талантын, технологиялык изденүүсүн жана билим деңгээлин көрсөтө алды. Улан долбоорду ишке ашыруудагы өзгөчөлүгү үчүн «Долбоорду ишке ашыруудагы эң креативдүү жана технологиялык чечим үчүн» номинациясына татыктуу болду. Ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Агартуу министри Доктуркүл Кендирбаеванын жеке колу коюлган Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул жогорку сыйлык КР Билим берүү жана Агартуу министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы тарабынан жогору бааланып берилди.

Бул чоң ийгиликтин артында окуучунун аракети менен бирге, ага туура багыт берип, идеяларын чыныгы долбоорго айлантууга көмөктөшкөн тажрыйбалуу насаатчынын эмгеги турат. Уланды бул эл аралык форумга демилгелеп, терең билим чөйрөсүнө жетелеген анын физика мугалими Шекилбаева Гүлнара болду. Мугалимдин талыкпас мээнети жана окуучусунун талантына болгон бекем ишеними бүгүн ушундай эл аралык деңгээлдеги чоң сыйлыкка алып келди.
Мектеп жетекчилиги жана жамааты бул ийгилик тууралуу төмөндөгүчө сыймыктануу менен билдиришти:
«Бул жеңиш – Турусбек мектебинин, үзүрлүү эмгектенген физика мугалими Гүлнара эженин жана колдоп турган ата-энесинин биргелешкен чоң жетишкендиги. Эл аралык аренада мектебибиздин жана облусубуздун атын бийик чыгарган окуучубуз жана анын мугалими менен сыймыктанабыз!

»Жаш илимпоз, келечектин технологу Уланды жана анын мугалими Шекилбаева Гүлнараны алган жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мугалимдин ишине албан ийгиликтерди, ал эми Уланга Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан чыгаан инсандардан болушун каалайбыз!
Даярдаган: Азема Сабырбекова