Жакыпбек Субагожоев Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу 7-декабрда президенттин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Жаңы шайланган аким аймактарда чогулуш өткөрүп, элдердин суроо талаптарын укту.
«Мен аким болуп келгениме 15 күндүн жүзү болду, элдер менен тынымсыз байланышта болуп жатам. Бүгүнкү чогулуш жогорку деңгээлде болуп өттү. Элдерден суу маселеси, электр энергиясы жана Түштүк- Кыргыз цемент заводу боюнча суроо талаптар болду. Ал берилген суроо талаптар четте калбайт. Райондук деңгээлде план түзүлүп, тиешелүү мекемелер жана айыл өкмөт башчылар менен бирге баарын караштарып чыгабыз», — деп билдирди аким.
«Ноокат районунун акими бүгүн эл менен таанышууга келди, элдер да өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышты. Мен дагы өз суроом менен кайрылдым. Биздин мектеп 1970-жылдарда салынган. Эскилиги жетип, дубалдары түшө баштады. Мектепти жаңылап куруп берүүсүн суранып, акимге кат жүзүндө суроо калтырдык. Буйруса аткарылат деген ишеничтемин», — дейт Саипжамал Жолдошева.
Жумагүл Көчкөнбаева