Чыгыш жыл санагы боюнча келе жаткан 2024-жыл Ажыдаар жылы. Астрологдор Ажыдаар жылы өзгөчө жыл болот дешет. Ал эми кыргызда – Балык жылы деп аталат, жана бул жыл 1940, 1952, 1964, 1976, 1988, 2000, 2012, 2024-жылы туулгандардын жылы.
Ажыдаарды кыргыз эли улуу деп айткан. Ошон үчүн кытайдан кыргызга которулган улуу жыл. Негизи кыргыздардын жыл санагы боюнча келе жаткан 2024-жыл Балык жылы болуп саналат.
Ал эми бүгүн №43-кесиптик лицейдин окуучулары быйылкы жылы эмне жыл деп аталат деген сурамжылоо жүргүзүштү.
Жыл сүрүү – салттуу турмушта мезгилдин агымын, окуянын мөөнөтүн, кишинин жашын ж.б. эсептөө ыкмасы. Кыргыздарда жыл сүрүү кайталанма мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик жыл сүрүүсү 12 жаныбардын аты менен аталган:
чычкан,
уй,
жолборс,
коён,
балык,
жылан,
жылкы,
кой,
мечин,
тоок,
ит,
доңуз (кара кийик)
https://youtube.com/shorts/7Ku-HRsAOik?feature=share
Келе жаткан 2024-жыл ар бирибиз үчүн берекелүү жана кирешелүү жыл болсун!
Турсун Омуралиева