Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде окуган таланттуу окуучу Жумабай сүрөткө жан киргизип тарткан өнөрлөрү бар. Ал «тигүүчү» кесибинде окуйт. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан билимге умтулуп, өнөр кесип үйрөнүүгө ынтызар.
№43-кесиптик лицейдин өнөрлүү окуучусу Жумабай Дуулатов
Баланын коомдон өз ордун табуусу үчүн анын руханий жан дүйнөсүнүн пайдубалы жаш кезинен ишенимдүү түптөлүшү зарыл. Өнөрлүү балдарга өбөлгө түзүп берүү кесиптик лицейдин милдети болуп эсептелет. Бүгүн биз №43-кесиптик лицейдин өнөрлүү окуучусу Жумабай Дуулатов жөнүндө сөз кылмакчыбыз.
Кесиптик лицейде Жумабай милдеттүү түрдө кесиптик билимге ээ болсо, ал эми шык жөндөмүн, талантын өз алдынча өстүрүүдө. Себеби бул лицейден окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карабай өзү каалаган ийримдерге катышып, өз билимин өркүндөтүшөт, кесипке багыт алышат, бош убактыларын туура пайдаланууну үйрөнүшөт, инсан катары туура калыптануусуна өбөлгө түзүлөт, дүйнө таанымы кеңейет. Бул иш аракеттердин баардыгын лицейдин мугалим-устаттары аткарууда.
Турсун Омуралиева