Өлкөнүн жогорку окуу жайларынын 75 алдыңкы студенттери Президенттик стипендияга ээ болушту. Тогуз-Торо районунун 21 жаштагы тургуну Кайрат Жолой уулу 75 алдыңкы студенттин катарын толуктады.
Кайрат Жолой уулу Исхак Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 4-курсунун студенти, ал Тогуз-Торо районуна караштуу Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебин окуп бүтүргөн.
-Сыйлыгыңыз кут болсун. Кандай сезимде турасыз?
-Кудайга шүгүр айтам, бул миссияны аткардым, кийинки миссияга кадам таштадым. Алдыга карай кете бериш керек деген ойдомун.
-Президент менен болгон жолугушуу кандай таасир калтырды? -Президент чыгып суйлөй баштаганда, чындап эле мен азыр президенттин алдында турамбы, деген сүйүнүч, толкундануу сезими болду. Мен 9 класста катуу ооруп калдым, ошол учурда окуу жөнүндө дагы ойлонгум келген эмес. Бирок мен окууда алдыңкы боло алам деп өзүм билим алууга кызыкчумун, жеңилбей, окууну таштап койбой алдыга умтулганыма азыр эч өкүнбөйм.
-Президенттик стипендияга ээ болуу үчүн аракет кылгансызбы?
-Эң маанилүү аракеттер биринчи курстан бери жасалып келүүдө. Биринчи курстан тарта жалаң беш деген баага гана эмес бардык сабактан максималдуу болгон 100 баллды камсыздагам. Окуудан тышкары университетте активдүү болуп болгон конференцияларга катыштым. 2 илимий ишим публикацияга чыккан, бирөөсү Ташкент шаарындагы эл аралык конференцияда болгон. Мындан сырткары өзүмдү кайрымдуулук фонддордо ыктыярчы катары иш чараларга катышып, мыкты ыктыярчы аталып келгем.
Спорт жактан дагы ар кандай турнирлерге катышып, байгелүү орундарга жеткем.