Сокулук районундагы N43-кесиптик лицейдин 2-курсунун окуучусу Байбол Келдибеков 27-декабрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү ашпозчулук боюнча мелдешке катышып 3-орунга ээ болду.
Байбол Келдибеков N43-кесиптик лицейдин алдыңкы окуучуларынын катарын толуктайт. Буга чейин лицейдеги тайпалар арасында Байбол менен Марсель “Мыкты ашпозчу” наамына ээ болушкан. Ал эми бүгүнкү мелдешке Байбол катышып бирге окуган жолдошу Марсель колдоо көрсөтүү үчүн жанында болду.
Билим берүү жана Илим министирлигинин маалыматы боюнча, расмий уюштуруучулар-Кыргызстандагы WorldSkills жана “КАСЕФ” коомдук фонду, ал эми иш-чаранын өнөктөштөрү “Айко-Сейко” ЖЧКсы жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган.
WorldSkills international-эл аралык комерциялык эмес ассоциация, максаты-бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүү аркылуу жумушчу кесиптерди жайылтуу, кесипке даярдоодо квалификациялык статусун жана стандарттарын жогорулатуу.
Турсун Омуралиева