Сокулук районунда жайгашкан Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейдин окуучулары келе жаткан Жаңы-Жылды чыдамсыздык менен күтүүдө. Кесиптик лицейдин администрациясы жана жалпы жамаатынын уюштуруусу менен бүгүн лицейдин окуучуларына майрамдык дасторкон даярдалып, жаңы-жылдык кече өткөрүлдү.
Жаңы жыл — ажайып майрам. Бул майрам айрыкча №43-кесиптик лицейдин окуучулары үчүн эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам жаштарды жакшы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулуулар менен бириктирип келген майрам. №43-кесиптик лицейдин жамааты келечектеги кесип ээлерине жаңы-жылдык кече уюштуруп беришти.
Майрамдык маанай менен жылтырактар менен жасалгаланган залдын ичинде окуучулар кече көйнөктөрүн кийип келишип өздөрүнүн таланттарын көргөзүштү. Ыр бий менен коштолгон концерттик программалар жалпы отургандардын черин жазып майрамдык маанай тартуулашты.
№43-кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев лицейдин жалпы жамаатын жана окуучуларды куттуктады: «2023-жыл жемиштүү, аракетке бай, жигердүү иштердин жылы болду. Алдыда жаңы милдеттер турат, алардын эң маанилүүсү – №43-кесиптик лицейди өнүктүрүү. Мен өзүмдүн атымдан кесиптештерге жалпыбыз көздөгөн иштерибиздин алдыга жылышы үчүн кылган аракеттери, кесиптик деңгээлдеги ак ниеттүү эмгектери үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Кирип келген жылы алдыга койгон максаттардын ишке ашырылышын, жаңы жылдын ар бир күнү жакшылыктар менен коштолушун изги ниетимден каалайм. Ал эми биздин окуучулар, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган келечектин жаш адистери болооруна ишенем. Силер үчүн ар бир жылыңар ийгиликтүү жылдардан болсун. Биз силерге кесипке багыт берип, адистикке үйрөтүүдөбүз. Калган аракеттер силерден болуп, кесибин сүйгөн ак эмгегиңердин үзүрүн көргөн жаштардан болгула. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, тынчтык, бакыт жана ынтымакты каалап кетүүгө уруксат этиңиздер!»
Турсун Омуралиева