2026-жылдын 5-9-январга чейин Кочкор районундагы Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери Кочкор районунундагы айылдарга барып Жаңы жылдык концерт уюштуруп келишти.

Ара-Көл айылы» Ара-Көл» муз аянтчасы
Эс алуу күндөрү Кочкор райондук маданият үйүнүн кызматкерлери Кочкор райондук администрациясынын бекитилген иш-планы боюнча алгачкы Ара-Көл айылындагы Ара-Көл муз аянтчасына барып эс алуучуларга концерт тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө Аяз ата жана Аяз кыз эс алуучуларга жакшы маанай тартуулап музга келген балдарга чакан белектерин беришти.

Туз айылы «Чоң Туз» шахтасы
6-январь күнү Туз айылындагы «Чоң Туз» шахтасына Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу айылдык клуб кызматкерлери менен биргеликте кезектеги жаңы жылдык концертин тартуулашты. Концертке «Чоң Туз» шахтасына келген чет өлкөлүк меймандар жана айылдан келген жергиликтүү тургундар күбө болушту.

Мантыш айылы социалдык шаарча
8-январь күнү Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери Мантыш айылында жайгашкан социалдык шаарчасына сапар алышты. Мында Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу айылдык клубдарынын кызматкерлери менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык көңүл ачуу концертин беришти. ошондой эле балдарга белектерин тапшырышты.

Кочкор айылы «Ормон хан» сейил багы
9-январь күнү жаңы жылдык концертти Кочкор айылындагы «Ормон хан» сейил багында эс алуучуларга ыр майрам тартуулашты.
Жаңы жылдык эс алуу күндөрү өткөрүлгөн майрамдык концерттер боюнча Кочкор райондук маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев кийинки маалымат берди:

Кочкор райондук маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев
«Кышкы эс алуу күндөрү биздин маданият үйүнүн кызматкерлери 2025-жылдан баштап айылдарды кыдырып концерт коюп келгенбиз. Быйыл 2026-жылы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы менен иш планды бекитип Чолпон жана Кара-Суу айыл өкмөтөрүнө караштуу клуб кызматкерлери менен биргеликте көңүл ачуучу концерт тартуулап келдик.»
Сүрөттөр Кочкор райондук маданият үйүнүн архивинен алынды
Абдилбек кызы Тахмина, Тилекова Мадина