Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 2026-жылдын 12-январынан тартып «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» -аттуу ай сайынгы жөлөкпулду дайындоо боюнча уюштуруу иштерин баштаганын билдирди.

Бул жөлөкпул төмөнкү жарандарга ай сайын 3000 сом өлчөмүндө, киреше деңгээлине карабастан, төлөнөт:
— Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймактарда жашаган жарандарга;
— Үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндө;
— 3 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө.
Жөлөкпул чегерүү үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1. Ата-энесинин паспортунун көчүрмөлөрү;
2. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
3. Никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
4. Банктык эсеп реквизиттери;
5. «Түндүк» маалымат системасынан алынган үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.
Жарандар Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кайрылуусу зарыл.
Анара Мааметова