Ормон Хан айыл аймагы 2023-жылы түзүлгөн. Учурда 31 депутат иштейт. Ар бир айылдан 2-3 депутат шайланып келген. Депутаттар 5 туруктуу комиссияга бөлүнүп иш алып барышат. Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы Жолдошбеков Рыскелди Жолдошбекович 2025-жылы аткарылган иштер тууралуу маек куруп берди.

Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы-Жолдошбеков Рыскелди Жолдошбекович
Рыскелди Жолдошбеков: «Ормон Хан айыл өкмөтүнө 9 айыл кирип, Нарын облусу боюнча эң чоң айыл өкмөт болуп саналат. Жашоочулардын саны 31 785 адам. Андан тышкары 11 мектеп, 12 бала бакча, 6 ФАП, 1 ҮДТ бар. 2025-жылы биздин депутаттар алгылыктуу иштерди аткарды десем болот. Жергиликтүү маселелерди чечүүдө 27 маселени эске алып, акча каражатын сарамжалдуу бөлүштүрүүдө жакшы иштерди алып бардык. Мисалга алсак, калктын саламаттыгын сактоо максатында жаш врачтарды районго жумушка тартуу максатында жана социалдык объектилерге каражаттарды бөлдүк. Ошондой эле Көбөгөн-Сай жаңы конушуна электр чубалгыларын тартуу үчүн карагайларды орнотуп бердик».

Депутаттар социалдык объекттерди кароо учурунда
«Андан тышкары көчөлөр жарыктандырылды. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында Кочкордун борбордук бөлүгүнө жол чырактарды орноттук. Футбол оюнун жандандыруу боюнча да иш алып бардык. Бейшеев көчөсүнө наркы 3,5 млн сом турган жаштар үчүн чакан футбол ойноочу газон салынды. Кара-Суу айылындагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүүү мектебинин жаңы имаратына баасы 400 миң сом турган LED экран алып бердик. 2026-жылы да алгылыктуу иштерди алып барабыз деп ишендирип кетем».

Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебине коюлган LED экран
Нурай Калыгулова