Улуу манасчы Тыныбек Жапый уулунун 180 жылдык мааракесине карата «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде болуп өттү.

Улукмырза Эркинбеков-калыстар тобунун төрагасы
Калыстар тобунун төрагасы Улукмырза Эркинбеков буларга токтолду:
» Интеллектуалдык таймашка райондогу мектептерден 30 дан ашык команда катышты. Таймаш менен бирге жаш манасчылар да өздөрүнүн манас айтуу чеберчиликтерин көрсөтүштү. Таймашка бардык командалар жогорку деңгээлде даядык менен келишиптир, мектеп жетекчилиги тарабынан да жакшы жолго коюлган. Окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жыл сайын өсүп жаткандыгы мени сүйүнтүп жатат. Кочкор өрөөнүндө Шапак атабыздын урпактары, Сагымбай атабыздын жеринен, айылынан чыккан манасчылар бар экендигин жана бүгүнкү Манас айтууда окуучулардын өтө берилүү менен айткандыгы бизге жакшы таасир калтырды.

Айжаркын Огомбаева-Ү.Бейшеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Айжаркын Огомбаева: «Бүгүнкү таймашка 3 окуучудан турган команданы даярдап келгем. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Бардык командалар жогорку деңгээлде даярданып келишиптир. «Манас таануу» долбоору аркылуу жаш муундар кыргыздын басып өткөн жолун билишип, «Манас» эч качан унутта калбайт экенин баса белгилеп өттү».

Таймаштын катышуучулары
«Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүлөрү облустук турга жолдомо алышты.
Даярдаган: Арзымат Токтобеков, Жанэр Шаршеналиев