Токтогул райондук ооруканасында 45 жылдан ашык убакыттан бери катардан тайбай, бейтаптарды көрүп эл үчүн кызмат кылып келе жаткан врач Амир Орозов бүгүн 71 жашта. Ал кесиби боюнча педиатр болуп иштейт.
Амир Чилдебаевич – тажрыйбалуу педиатр, көп жылдар бою жооптуу кызматтарда иштеп, Токтогул райондук ооруканасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Ал реанимация бөлүмүнүн башчысы, поликлиниканын жетекчиси жана 16 жыл бою үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директорунун орун басары болуп эмгектенип келет. Бүгүнкү күндө ал №5 ГСВда үй-бүлөлүк дарыгер катары карапайым элдин кызматында жубайы менен бирге иштейт. Жубайы Калипа Ырсалиева медицина тармагында отуз жылдан бери эмгектенет. Саламаттык сактоо тармагынын мыкты кызматкери.

«Биздин кесип – бул жоопкерчиликтүү кесиптердин бири. Менин кесибим – педиатр. 45 жыл ичинде көптөгөн өзгөрүүлөрдү көрдүм. Дарыгерлик – бул жөн гана жумуш эмес, бул тагдыр. Мен өз эмгегим менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Иш учурунда медициналык документтерди туура толтурууга өзгөчө көңүл буруп, жаш дарыгерлерге да үйрөтүп келдим. Справкадан тартып выпискага чейин кантип туура жазуу керектигин түшүндүрүп берчүмүн. Бизге келген текшерүүлөрдө да мен жазган медициналык жазуулар дайыма жакшы бааланып турчу.
Эмгек жолумдун башында бир топ тоскоолдуктарга туш болдум. Бирок ошол кыйынчылыктар мени чыңдады. Мен дарыгердин үй-бүлөсүндө чоңойдум. Атам бул ооруканада биринчи башкы дарыгер болуп иштеди. Мен көбүнчө оюн бетке айткан адам болгондуктан, кээде ошол мүнөзүм үчүн запкы да жеп калдым. 1981-жылы дарыгер болуп ишке кирдим. Кийин Ташкентте жана Жалал-Абадда реанимация бөлүмүндө иштеп, тажрыйба топтодум. Ошол билимимдин негизинде өзүм иштеген ооруканада биринчи жолу реанимация бөлүмүн ачууга жетиштим. Эмгек жолумда бир нече жооптуу кызматтарды аркаладым. 29 жашымда поликлиниканын башчысы болуп иштеп, кийин реанимация, инфекция жана балдар бөлүмдөрүн жетектедим. Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо башкармалыгы көп жылдык эмгегимди жогору баалап, “Мыкты кызматкер” наамын беришти. Атам мага дайыма акыл-насаат айтып турчу. “Оюңду бетке айткан жакшы, бирок адамдарга сылык мамиле кыл” деп үйрөтчү. Белгилүү дарыгердин баласы болгонум менен, мага өзгөчө жеңилдиктер же колдоолор боло берчү эмес. Ошентсе да мен билгендеримди жаш дарыгерлер менен бөлүшүп, аларды үйрөтүүгө аракет кылдым. Атам 90 жашка чейин ушул ооруканада эмгектенип, өмүрүнүн көбүн медицина тармагына арнады. Анын эмгеги жана берген тарбиясы мен үчүн чоң үлгү болуп калды.
Азыркы учурда эң башкы көйгөй — кадрлардын жетишсиздиги. Жаш адистер айлык акынын аздыгына байланыштуу региондордо иштегиси келбейт. Бирок элдин ден соолугу күтүп турбайт экен. Жашымдын өткөнүнө карабай, эл үчүн талыкпай кызмат кылып келе жатам» дейт Амир Орозов.

Амир Орозовдун атасы Чилдебай Орозов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы болгон. Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн. Кесиби боюнча невропатолог болуп, өмүрүнүн аягына чейин ооруканада иштеп, элдин алкышын алган инсан. Аккан арыктан суу агат дегендей, Амир Орозов 71 жашта болсо да, атасынын жолун жолдоп, бейтаптарга жардам берип бүгүнкү күндө №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда ишин улантууда. Тажрыйбалуу аксакал дарыгердин ар бир кеңеши, ар бир диагнозу – жаш дарыгерлер үчүн мектеп, ал эми Токтогул эли үчүн сыймык. Орозовдордун династиясы – бул кесипке болгон берилгендиктин жана мекенге болгон сүйүүнүн накта үлгүсү.
Даярдаган: Азема Кудуева