Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалган Эшмукамбет уулу Нурлан бүгүн район активине расмий түрдө тааныштырылды

Жаңы дайындалган акимди район активине Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалап, районду өнүктүрүүдө эл менен тыгыз иш алып барууга жана биримдикте иштөөгө чакырды.

Тогуз-Торо районунун акими Эшмукамбет уулу Нурлан
Эшмукамбет уулу Нурлан
1974-жылдын 6-апрелинде Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн.
Билими:
1992–1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “Бухгалтердик эсеп, контроль жана чарбалык ишмердүүлүктү анализдөө” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
• 1999–2003-жж. — Кочкор райондук калкты иш менен камсыз кылуу борборунда жетектөөчү адис
• 2003–2008-жж. — Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында сектор башчы
• 2008–2016-жж. — Кочкор райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн начальниги
• 2016–2022-жж. — Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын (акимдин) биринчи орун басары
Класстык чени: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын 3-класстагы инспектору.

Даярдаган: Анара Мааметова