Кечээ К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.



А.Дүйшөналиев РЖДПБнун башчысы
Иш-чарага район акиминин орун басары Каныбек Эсеналиев, райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу жыйында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Каныбек Эсеналиев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын калктын саламаттыгын сактоодогу жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү эмгегине жогору баа берди.

К.Эсеналиев акимдин орун басары
Ошондой эле мекеме жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары да ак халатчан кызматкерлерге жылуу каалоо-тилектерин билдиришти.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар медицина кызматкерлерине Ардак грамоталар, Ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.



Салтанат маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолуп, майрамдык маанай тартуулады.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова