Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Жаңы заманбап радиаторлор
Окуучулар менен мугалимдер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мектепте жылытуу системасын толугу менен алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү багытында маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Эскилиги жеткен радиаторлор
Жаңылоо иштеринин алкагында эскилиги жеткен түтүктөр, радиаторлор жана башка жылытуу жабдуулары заманбап, энергияны үнөмдөөчү жабдууларга алмаштырлууда. Учурда адистер тарабынан бардык жумуштар белгиленген графиктин негизинде сапаттуу аткарылып жатат.

Мындан тышкары 2026-жылдын апрель-май айларында мектептин сырткы келбети да толугу менен жаңыланып, заманбап өңгө ээ болду. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында билим берүү мекемесинин эстетикалык көрүнүшү жакшырып, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн жагымдуу шарт түзүлдү.
Даярдаган: Нурия Карымбаева