Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинин сырткы эшиктери жаңыланып жатат.

Мектептин сырткы эшиктери көп жылдардан бери алмаштырылбагандыктан, эскирип, колдонууда бир катар ыңгайсыздыктарды жаратып келген. Учурда аларды жаңы эшиктерге алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган. Жаңылоо иштеринин жыйынтыгында окуучулар жана мугалимдер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.
Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна