Бүгүн Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейдин ашпозчу-кондитер кесибинде окушкан, 1-курстун студенттери жыйынтыктоочу экзамендерин тапшырышууда. Ашпозчу-кондитер– тамак-аш жана десерттерди даярдоодо чыгармачылык мамилени талап кылган кесип. Бул кесип кесиптик лицейлерде окутулуп, биринчи курстун аягында студенттер квалификациялык сынактан өтүшөт. Ал эми бүгүн келечектин жаш адистери жыл бою үйрөнгөн тамак аштарын көргөзүп берүүдө.
«Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча квалификациялык сынак теориялык жана практикалык бөлүктөрдү камтыйт. Теориялык бөлүктө студенттер кулинардык жана кондитердик өндүрүштүн негиздерин, тамак-ашты сактоо эрежелерин, тамак-ашты керектөө стандарттарын жана ашканада иштөөдө коопсуздук чараларын билиши керек. Студенттер ошондой эле рецепттерди окуп, калькуляцияларын чыгарып, меню түзө билиши керек.
Практикалык бөлүктө студенттер тамак-аш жана десерт жасоо көндүмдөрүн көрсөтө алышат. Бул шорпо, гарнир, эт жана балык тамактары, бышырылган азыктар жана тортторду даярдоо болушу мүмкүн. Бардык тамактар кулинардык бөлүмдүн устаттары Динара Абакова жана Сезим Алтымыш кызы тарабынан иштелип чыккан технологиялык карталарга ылайык даярдалган.
Экзаменди ийгиликтүү тапшыруу үчүн студенттер кунт коюп, жоопкерчиликтүү болуп, так жана тез иштеши керек. Тамактын рецепттери аларга мурда үйрөнгөн кулинардык технологиялар менен тааныш болгон. Студенттер дасторконго тамактарды берип, кесүүнү да көрсөтө алышты.
«Ашпозчу-кондитер» кесиби боюнча квалификациялык сынак кесиптик билим берүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Бул тармакта туура даярдалган жана квалификациялуу адистер чоң карьералык жана финансылык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар ошондой эле ресторандарда, кафелерде, кондитердик дүкөндөрдө жана башка коомдук тамактануу жайларында түрдүү тамактарга жана десерттерге салым кошо алышат.
Турсун Омуралиева