Бир ай мурун Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 673 млн метр куб болсо, андан бери бир ай ичинде 2 млрд метр кубка көбөйдү. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү 9 млрд 644 млн метр кубка жеткен.
“Электр станциялары” ишканасынын маалыматында суу сактагычка секундасына 1230 метр куб суу агып кирип, ал эми агып чыккан суунун көлөмү 181 метр куб болду.
Токтогул суу сактагычына 19 млрд метр кубдан ашык суу батат. Мындай суу акыркы жолу 2010-жылы чогулган. Суу сактагыч Нарын дарыясына курулуп, ага Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат жана башка дарыялары куят.
2023-жылы 1-июнда электр энергияга болгон баа көтөрүлүп, Өкмөт тариф инфляциянын ченемине жараша жыл сайын электр энергияга баа өсүп турарын белгиледи. 2024-жылы 1-майдан тарта баалар дагы кымбаттап, айына 700 киловатт саатка чейин электр жарыгын керектегендер, бийик тоолуу жана алыскы аймакта жашаган эл үчүн 11 тыйынга, андан көп жаккандарга 23 тыйынга өсүп, электр кубатын чектөөсүз пайдалангандарга бир киловатт сааттка 35 тыйынга кымбаттады.
Аделя Бакытбекова