Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде багбанчылык менен алектенген Мухтар Темирбаев жашылча өстүрүү боюнча жогорку квалификациялуу адис гана эмес, ошондой эле ишине кылдаттык менен жоопкерчиликтүү мамиле жасап, алардын ар бирине максималдуу убакыт бөлгөн камкор жана эмгекчил адам. Кесипкөй багбан Мухтар Темирбаев быйылкы окуу жылында окуучулар үчүн ашканага жашылчаларды өстүрүү камын көрүүдө.
Учурда көптөгөн адамдар органикалык шартта өстүрүлгөн, жашылчалар даамдуу гана эмес, ден соолукка да пайдалуу экенин билишет. Бирок, сапаттуу жана экологиялык жактан таза продукцияны өстүрө алган адистер көп эмес. Биздин лицейде ушундай адамдын бири — Мухтар Темирбаев.
Мухтар Темирбаев кесиптик лицейде багбанчылык менен алектенет. Ал жашылчаларды экономикалык пайда үчүн гана эмес, студенттерге өсүмдүк өстүрүү процессине аралашууга жана пайдалуу тамактарды жегенге жардам берүү үчүн өстүрөт.
Лицейдин окуучулары дагы Мухтар Темирбаевдин продукциясы келерки окуу жылынын окуучуларына жумшала турганын билишет. Себеби, окуучулар багбан менен кошо иш үстүндө аралашып өстүрүлгөн жаңы, пайдалуу, коопсуз, органикалык таза жашылчаларды өстүрүүгө кол кабыш кылышат.
“Жашылча өстүрүү – бул тажрыйбаны жана билимди талап кылган чыныгы искусство», — деп ишенет аталган кесиптик лицейдин биология мугалими Сүйүнбала Дүйшөмбиев.
Жашылча өсүмдүктөрү адамдын тамактануусунун маанилүү булагы болуп саналат. Алар сергек жашоо үчүн зарыл болгон витаминдерге, минералдарга жана башка азыктарга бай. Жашылчаларды туура өстүрүүнү билген адам алардын сапатын жана түшүмдүүлүгүн бир кыйла жакшыртат.
Мухтар Темирбаев көп жылдан бери лицейдин жер участкаларында жашылча жемиштерди өстүрүп келет. Ал бул убакыттын ичинде жашылчалар менен мөмө жемиштерди өстүрүүдө чоң тажрыйба топтогон. Кесипкөйлүүгүнүн аркасында эл аралык долбоорлорго катышып жүрдү. Ал топуракты кантип туура даярдоону, кандай жер семирткичтерди колдонууну, зыянкечтерге каршы күрөшүүнү билет.
Жашылчаларды ийгиликтүү өстүрүүнүн эң маанилүү компоненттеринин бири – сортторду туура тандоо. Мухтар Темирбаев жашылчалардын ар кандай түрлөрүн жана сортторун жакшы билет жана конкреттүү шарттарга эң ылайыктууларын тандоого жардам берет.
Кесиптик лицейде жашылчалар бакчаларда жана күнөсканаларда өстүрүлөт. Анткени күнөсканаларда өстүрүлүп, жыл бою түшүм алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, Мухтар Темирбаев жашылчаларды сапаттуу өстүрүүнү гана билбестен, аларды кантип кышка сактоону да билет. Ал кесиптештерине өзүнүн эмгеги менен өстүрүлгөн жер жемиштерди кышкыга сактоону үйрөтүп кенеш берип келет.
Андыктан окуу жылынын башталышында студенттик ашкана даамдары Мухтар Темирбаевдин жашылчаларынан жасалган даамдуу тамактар менен даярдалмакчы. Негизги азыктар туура тамактануу жана ден соолукту сактоо үчүн маанилүү экенин унутпаңыз.
Турсун Омуралиева