Ак-Талаа районунун эки тургуну айыл чарба тармагы боюнча Бишкекте өткөрүлгөн “Агро-диалог-2026” иш-чарасында чемпион болушту. Тактап айтканда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарада Үгүт айылынын фермери Сүйүнбай Шегазиевге жана Баетов айылынын дыйканы Акылбек Абдылдаевге медаль жана 25миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Акылбек Абдылдаев дыйкан

Сүйүнбай Шергазиев-фермер
Маалыматка караганда Сүйүнбай Шергазиев акыркы жылдары асыл тукум кыргыз жылкысын асырып, сактап калуу үчүн тукумун көбөйтүү менен алектенип, асыл тукум чарбасы макамын алууга жетишкен. Учурда 50 баш кыргыз жылкысы бар.
Ал эми Акылбек Абдылдаев алгачкылардан болуп райондо сафлор өсүмдүгүн өстүрүүнү, жайылтууну колго алуу менен сафлор өсүмдүгүнөн май сыгуучу чакан ишкана ачкан.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова