Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Илияз Ташкулов бүгүн 2026-жылдын 20-февраль күнү IV Элдик Курултайдын делегаттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу учурунда
Бул жолугушууга айыл өкмөт башчылыры жана райондук мекеме жетекчилери катышышты.
Делегаттар аймактык төмөнкү маанилүү маселелерге токтолушту;
• Бала бакча жана мектептерди куруу;
• Билим берүү;
• Республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду куруу;
• Социалдык төлөмдөр боюнча;
• Суугат тутумдарын, системаларын орнотуу маселелери көтөрүлдү.
Ар бир суроолорго айыл өкмөт башчылары жана райондук мекеме жетекчилери жооп беришти.

Талкуу учуру
Ошондой эле район жетекчиси Илияз Ташкулов жыйынга катышкан ар бир делегатка көтөрүлгөн ар бир маселелер боюнча жетекчилер менен биргеликте тынымсыз иш алып баарарын билдирүү менен жалпы жыйындын катышуучуларын ыйык Рамазан айы менен куттуктады.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова