Чүй облусунун, Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим берүү процессин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү максатында “Акылдуу коңгуроо” системасы орнотулду. Бул жаңылык мектеп жамааты үчүн маанилүү кадам болуп, окуу тартибин так сактоого, сабактардын өз убагында башталып, жыйынтыкталышына шарт түздү.

Жаңы система 16-февраль күнү ишке берилди. Коңгуроо кыргыздын комуз күүлөрү менен коштолуп, сабакка чакырган даяр диктордун үнү аркылуу жаңырып турат. Мындай ыкма кезекчи мугалимдердин ишин жеңилдетип, окуучуларга позитивдүү маанай тартуулайт.

Акылдуу коңгуроонун орнотулушуна мектептин ата-энелер жамааты, мугалимдер жана жетекчилик демөөрчүлүк колдоо көрсөтүштү. Ата-энелердин бири Матекова Анархан Турганбаева бул демилге мектеп директору Айдай Джолчубекованын талыкпас эмгегинин жана изденүүсүнүн натыйжасы экенин белгиледи. Анын айтымында, 393 окуучу билим алган мектеп үчүн мындай жаңылык чоң жетишкендик болуп саналат.
Мектеп жетекчилиги ата-энелер менен мугалимдердин тыгыз кызматташуусу жакшы жыйынтык берерин баса белгиледи. Биргелешкен аракеттин аркасында окуучулар үчүн коопсуз, тартиптүү жана заманбап шарттар түзүлүүдө.
Жалпы демөөрчүлүк көрсөткөн ата-энелерге, мугалимдер жамаатына жана мектеп жетекчилигине ыраазычылык. Мектеп жамааты мындан ары да биргелешип, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган иштерди улантарын билдиришти.
Даярдагандар: Аида Карыбекова,Амина Маратбекова