21-февраль «Эл аралык эне тил» күнүнө карата Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинде иш-чара болуп өттү. Ага мектеп администрациясы, окуучулар жана мугалимдер катышты.

Иш-чарадан көрүнүш
21-февраль дүйнө жүзүндө тилдердин байлыгын жана көп түрдүүлүгүн даңазалаган күн. Бул майрам ЮНЕСКО тарабынан белгиленип, ар бир элдин эне тилин сактоого чакырат. Бүгүн мектепте бул майрамга карата 7-11-класстар арасында чоң иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты окуучуларга эне тилдин баалуулугун түшүндүрүү, тилге болгон урмат-сыйды арттыруу жана ар улуттун маданиятын таанытуу болуп саналат.

7-класстын окуучулары
Эне тил күнүнө арналган кечеде окуучулар кыргыз, орус, англис тилдеринде ырларды көркөм окушуп, макал-лакаптарды айтышып, сахналаштырган көрүнүштөрдү көрсөтүштү. 9-11-класстын окуучулары тил жөнүндө кызыктуу фактыларды айтып беришсе, 7-9-класстын окуучулары ар кайсы тилдерде ырдап беришти.

Мектептин залына орус, англис тилдеринде жазуулар илинди
Орус, англис, кыргыз тилдеринде саламдашуунун үлгүлөрү көрсөтүлдү. Иш-чара абдан мазмундуу жана таасирдүү өттү, ошондой эле кызыктуу оюндар менен коштолду. Тил күнүнө арналган салтанатты орус, кыргыз жана англис тили мугалимдери даярдашты. Жыйынтыгында мектеп жамааты эне тилин сактоого, өнүктүрүүгө жана урматтоого чакырган ураан менен иш-чараны жыйынтыктады.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов