Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Калысбек Нурланов таштанды калдыктарын чогултуу, сорттоо жана кайра иштетүүгө жөнөтүү менен алектенген чакан ишкана иштетип келет. Учурда ишкер ишканасын кеңейтүү этабында болуп, жаңы жумуш орундарын түзүү жана иштетилүүчү пластиктин көлөмүн көбөйтүү багытында иш алып барууда.

Жеке ишкер-Калысбек Нурланов
Анын айтымында, алдыда пластик бөтөлкөлөрдү сорттоп, жууп, майдалап, алардан кайра ар кандай буюмдарды чыгаруу пландалууда. Мындан сырткары макулатура, картон, полиэтилен жана энергетикалык суусундуктардын банкалары кабыл алынып, таңгакталып Бишкек шаарына жөнөтүлөт.
Ишкер белгилегендей, бул демилге бир гана Кара-Суу айылы үчүн эмес, жалпы Кочкор району үчүн да пайдалуу. Анткени жаңы жумуш орундар түзүлүп, таштанды көйгөйү азайып, экологиянын тазалыгына оң таасир тийгизет.

Бул пластик бөтөлкөлөрдү жууп, майдалай турган шайман
Учурда ишканада курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, иш убактылуу токтотулган. Калысбек Нурланов жумуш шарттарын жакшыртуу, кардарларга ыңгайлуу шарт түзүү жана кошумча билим алуу үстүндө иштеп жатканын айтты.
Пландалган штат боюнча менеджер, кассир, эки пресстөөчү аппаратка эки кызматкер жана жүктөрдү түшүрүүгө бир жардамчы талап кылынат. Ишкер бардык иштер мыйзамдуу жүргүзүлүп, Соцфондго төлөмдөр өз убагында жүргүзүлөрүн белгиледи.
Иштетилүүгө даяр пластик бөтөлкөлөр[/
Маалым болгондой, бул ишкана пластик бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү багытында Нарын облусунда ачылган алгачкы ишканалардын бири болуп саналат.
Даярдаган: Арзымат Токтобеков