Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде жогорку класстардын окуучулары үчүн «Өзгөчө маскарад күнү: класстардын өзгөчө чыгышы» аталышындагы күз майрамы уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын максаты — окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн, сахна маданиятын жана эстетикалык табитин өнүктүрүү, класстар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана мектеп турмушуна өзгөчө шаң тартуулоо.
Иш-чарада 8–11-класстардын окуучулары ар кандай маскараддык образдарды жаратып, фантазиясын жана чыгармачылык жөндөмүн көрсөтүштү. Ар бир класстын оригиналдуу костюмдары, өзгөчө даярдыгы жана сахналык чыгыштары көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.
Майрамдын алкагында «Мыкты грим», «Мыкты форма», «Эң өзгөчө келүү» номинациялары боюнча сынактар, ошондой эле концерттик номерлер, ыр-бийлер жана көңүл ачуучу оюндар уюштурулду.

Сынактардын жыйынтыгында 8-класстар арасында:
1-орун — 8-А класс;
2-орун — 8-Б класс;
3-орун — 8-В класс.
Ал эми 9–11-класстар арасында:
1-орун — 11-класс;
2-орун — 10-класс;
3-орун — 9-класс.
Жеңүүчүлөргө мектеп директору Айдай Джолчубекова жана калыстар тобунун төрагасы Бакыт Турсуналиев тарабынан Ардак грамоталар жана сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чараны уюштурууда 8–11-класстардын класс жетекчилери активдүү катышты. Майрамдык кеченин жогорку деңгээлде өтүшүнө мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Сайкал Азатбек кызы да салым кошту.
Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар окуучулардын талантын ачууга, өз алдынча идеяларды ишке ашырууга, биргелешип иштөөгө жана мектептеги чыгармачыл чөйрөнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Даярдагандар: Раяна Рамизова,Аксана Шалтаева