Чүй облусунун Сокулук районундагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана окутуунун заманбап усулдарын өздөштүрүүгө багытталган тренинг өткөрүлдү.

Иш-чара мектеп администрациясы жана усулдук бирикмелердин жетекчилери тарабынан уюштурулуп, анда сабактын структурасы, 5Е модели, 3S+ ыкмасы, окутуунун методикасы, окуу жана математикалык сабаттуулук, баалоо, рефлексия, дифференциация жана мугалимдин кесиптик этикасы талкууланды.

Тренингдин алкагында башталгыч класстын мугалими, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси Гульмира Токтосунова «Керемет окуу» долбоорунун негизинде математикалык сабаттуулук боюнча практикалык сабак өттү. Анда мугалимдер окуучунун ролуна өтүп, тапшырмаларды өздөрү аткаруу аркылуу сабактын жүрүшүн тажрыйба жүзүндө өздөштүрүштү.
Ал эми төрт усулдук бирикменин жетекчиси Нурайым Кеңешбекова «Сабактын структурасы, дифференциация, максат жана күтүлүүчү натыйжа» темасында тренинг өткөрдү. Анда сабакты туура пландаштыруу, окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана так максат коюу маселелери каралды.


Табигый илимдер усулдук бирикмесинин жетекчиси Талжибек Токтобай кызы «Баалоо жана рефлексия» темасында тренинг жана дебат сабактарын уюштуруп, катышуучулардын өз ара пикир алмашуусуна шарт түздү.
Мындан тышкары, мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Сайкал Азатбек кызы жана профсоюз уюмунун төрагасы Бакыт Турсуналиев мугалимдин кесиптик этикасы, укуктары жана милдеттери боюнча талкуу өткөрүштү.
Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнура Асанова предметтик мугалимдердин функционалдык милдеттери, мамлекеттик жана предметтик стандарттар тууралуу маалымат берип, диспут уюштурду.
Мектеп директору Айдай Джолчубекова мындай иш-чаралар педагогдордун кесиптик өсүшүндө маанилүү экенин белгиледи.
Анын айтымында, заманбап мугалим предметин билүү менен гана чектелбестен, жаңы технологияларды өздөштүрүп, ар бир окуучунун жөндөмүнө жараша иш алып барышы керек. Ошондой эле тренингдер мындан ары да улантыларын билдирди.
Тренингге катышкан жаш мугалим Наргиза Кушназарова иш-чаранын пайдалуу болгонун белгилеп, өзгөчө окуучунун позициясында иштөө сабакты баланын көз карашы менен түшүнүүгө жардам бергенин айтты. Ал алган билимдерин өз сабактарында колдонууга ниеттенерин билдирди.
Иш-чара практикалык тапшырмалар, талкуулар, дебаттар жана диспуттар менен коштолду. Катышуучулар заманбап окутуу ыкмалары боюнча тажрыйба алмашып, кесиптик билимдерин толукташты.
Даярдагандар: Раяна Бейшенбекова, Айсулуу Шаршеналы кызы